Алмазбек Атамбаевдин бир тууганы Калыйбек Шаршеновду 9-июлда жайына коюшту. Сөөк коюу зыйнатына өкмөт башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы, саясий партиялардын лидерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер келишти.
Калыйбек Шаршенов 64 жашында 8-июлда өзүн жаман сезген. Жетип барган дарыгерлер да жардам бере алган эмес, ал ошол эле күнү каза болгон.
Калыйбек Шаршенов акыркы жылдары Аламүдүн районундагы Арашан айылында жашап жаткан.