00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Климакс без паники: ответы гинеколога на главные вопросы о гормональной перестройке организма
14:06
60 мин
Ачык кеп
Кызматтык иттерди тандоо жана даярдоо процессинде темпраментине, социалдашуусуна көңүл бурулат
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Они следят, чтобы имена не исчезли: как работает поисковое движение «Наша Победа»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сертификация товаров в ЕАЭС: в Кыргызстане ужесточают контроль над экспертами
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кызматтык иттерди тандоо жана даярдоо процессинде темпраментине, социалдашуусуна көңүл бурулат
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: көпүрө куруу кыргыз элинде бааланып келген

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖалал-Абаддын Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына курулган көпүрө
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына курулган көпүрө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылдан кийин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарын байланыштыра турган "Бишкек-Балыкчы-Казарман" альтернативалуу автотрассанын курулушу аяктайт дейт өлкө башчысы.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абаддын Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына курулган көпүрөнүн ачылышына катышканын өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт. 

Көпүрө 1969-жылы курулуп, акыркы 20 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бишкек-Ош автожолунун 564-чакырымында орун алган авариялык абалдагы көпүрө бузулуп, JICA агенттигинин грантына узундугу 89 метр келген жаңы көпүрө курулду. Аталган курулушка 12 миллион доллар жумшалды.

Президент Көк-Арт көпүрөсү мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

"Бул көпүрө курулган жол республиканын бир топ аймактарын байланыштырып турат. Көпүрө куруу кыргыз элинде ар дайым бааланып келген. Ал достукту, жылуу мамилени чагылдырып турат. Көп улуттуу Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн ар бир адам көпүрө болушу керек", — деди өлкө башчы.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстанды техникалык жабдуу, гранттык каражат менен камсыздап, кызматташып келе жаткан JICA агенттигине ыраазычылык билдирди. 

"JICA агенттигинин гранттык каражатынын эсебинен Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жол-эксплуатациялык ишканалардын жабдылышы күтүлүүдө. Ош-Баткен-Исфана унаа жолун калыбына келтирүү, Бишкек-Ош жолундагы кооптуу жерлерге коргогучтврды жана 700 метр келген тоннель куруу боюнча макулдашууга жетиштик. Бул иштердин бардыгына жалпы жонунан агенттик 116 миллион 470 миң доллар бөлүп жатат", — деди президент.

Өлкө башчысы эки жылдан кийин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарын байланыштыра турган "Бишкек-Балыкчы-Казарман" альтернативалуу автотрассанын курулушу аяктай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0