Чын-чынына келгенде "жылдыздардын" деле катардагы адамдар сыяктуу эле кубанычы, кайгысы болот.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Sputnik сайты Кыргызстанга белгилүү болуп калган кишилердин бала кезиндеги сүрөттөрүн чогулттук. Кыргызда бекеринен бешиктеги баланын бек болорун ким билет деп айтышпаса керек. Сүрөттөгү кичинекей балдар учурда кандай деңгээлге жеткенине бирге көз салалы.
Балдарды коргоонун эл аралык күнү жыл сайын 1-июнда белгиленет. Майрамды белгилөө 1949-жылы Парижде өткөн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын конгрессинин чечими менен негизделген. Биринчи жолу бул майрам 1950-жылы белгиленген.

1/27
© из личного архива Сыймыка Бейшекеева
Сүрөттөгү болтойгон бөбөктүн балалык чагы Токтогулда өткөн.

2/27
© предоставлено Сыймыком Бейшекеевым
Азыр Сыймык Бейшекеевдин ырларын бүт Кыргызстан сүйүп угат.

3/27
© из личного архива Гульнары Тойгонбаевой
Бул сүйкүмдүү кыздын келечекте инженер болорун ким билиптир...

4/27
© предоставлено Гульнарой Тойгонбаевой
Бирок ырчынын ырга, музыкага болгон сүйүүсү аны дайыма арбап келген.

5/27
© Фото / из личного архива Омара Жанышова
Бул калпакчан мотурайган бала ким деп ойлойсуз?

6/27
© предоставлено Омаром Жанышовым
Ошол калпакчан бала Омар Жанышов эми кыздардын жүрөгүнө чок салган, жаштардын сүйүктүү ырчысы.

7/27
© из личного архива Жылдыз Осмоналиевой
Бул ымыркайды ата-энеси башынан эле жарык жылдыз деп аташчу.

8/27
© предоставлено Жылдыз Осмоналиевой
Жылдыз Османолиева "Алымкан" аттуу ыр менен жумурай-журтка таанылды.

9/27
© из личного архива Муратбека Бегалиева
Апасынын бешик ыры кулагына сиңген бала кийин кайталангыс чыгармаларды жаратат.

10/27
© Фото / предоставлено Муратбеком Бегалиевым
Учурда Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев жаш муунду тарбиялап жатат.

11/27
© из личного архива Салтанат Саматовой
"Элесепетти" тээп келе жаткан ким деп ойлойсуз?

12/27
© предоставлено Салтанат Саматовой
Ал белгилүү алып баруучу, балдардын жана чоңдордун купулуна толгон Салтанат Саматова.

13/27
© Фото / из личного архива Мирбека Атабекова
Кичинесинде таттууну көп жеп диатез болгон бул баланын...

14/27
© Фото / предоставлено Мирбеком Атабековым
Ырлар да кулакка жагымдуу. Ал Мирбек Атабеков.

15/27
© из личного архива Айчурок Иманалиевой
Чоң апасын небересине ырымдап кыргыз операсынын атын койгон

16/27
© Фото / Бакыт Мейманбеков
Эми Эмгек сиңирген артист Айчүрөк Иманалиеванын атын ырымдап эл өз кыздарына коюп келет.

17/27
© из личного архива Арсена Джумабеков
Кичинесинен эле таза, адеми кийинген баланын стили чоңойгондо деле ошондой сакталды.

18/27
© предоставлено Арсеном Джумабековым
Коңур үндүү Арсендин стили башкалардын айырмаланып турат.

19/27
© из личного архива Актана Арыма Кубата
Бул бөбөк келечекте режиссер болорун эч ким деле билбесе керек.

20/27
© предоставлено Актан Арым Кубатом
Учурда Актан Арым Кубатты бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк кино жаатында да белгилүү болуп калды.

21/27
© из личного архива Азамата Арыкова
Энесинин кучагындагы бул бөбөктү кийин көгүлтүр экрандан көрүп калабыз деп жакындары ойлошпосо керек.

22/27
© предоставлено Азаматом Арыковым
Азыр Азамат Арыков актер эле эмес режиссер катары да белгилүү.

23/27
© из личного архива Азиза Мурадилова
Көздөрү балбылдап жанган наристе...

24/27
© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым
Азиз Мурадилов "Курманжан датка" тарыхый тасмасында негизги каармандардын бири Алымбек датканын ролун аткарды.

25/27
© из личного архива Светланы Назаренко
Атасы сатып берген оюнчукту кучактап...

26/27
© из личного архива Светланы Назаренко
анан мотоциклинин жанынан жарым карыш чыкпаган кыз...

27/27
© предоставлено Светланой Назаренко
учурда Светлана Назаренконун күйөрмандары абдан көп. Күйөрмандарынын ага болгон сезимдери "Сен менин айтылбаган сырларымсың" боюнча калды.