00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:00
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Мама Тоня: почему Петербург чтит память женщины из маленького кыргызского села
20:08
48 мин
Ачык кеп
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бөйрөгү алмашылгандарды дарылаган Кыргызстандагы бирден-бир дарыгер каза болду

Жазылуу
Кардиология институтунан которулуп келген жаш дарыгер Улуттук госпиталда үч жылдай эмгектенип, операциядан кийинки көп бейтаптарды карап, көзөмөлдөп, дарылап келген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Улуттук Госпиталдын Нефрология бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандагы бөйрөк трансплантациясынан кийинки бейтаптарды караган Казыбек Жолдошов күтүлбөгөн кокустуктан көз жумганын мекеменин башкы дарыгери Орозалы Көчөров билдирди. 

"Казыбек Жолдошов бөйрөгү алмаштырылган бейтаптарды дарылаган КРдеги жалгыз дарыгер болчу. Улуттук медицина чоң жоготууга учурады. 36 жаштагы Жолдошов Арашан айылынын жанында болгон кокустуктан каза болду", — деди Көчөров.

Арашан айылынын аймагында жекшемби күнү эмгек жамааты менен чогуу эс алууга чыгып, агыны катуу сууга түшүп кеткен. Жолдошов сууга кулаганда жаракат алышы мүмкүндүгүн айткан Улуттук госпиталдын башкы дарыгери, ал суудан өз алдынча чыга албай калганын белгиледи.

Кесиптештери аны суудан чыгарууга аракет кылышкан, бирок агыны катуу тоо суусу аны алып кеткен.

"Маркумдун сөөгү 500 метр ылдый аралыктан табылды",— деди Көчөров.

Дарыгердин сөөгү кичи мекени Ош облусуна коюлат. Анын артында кичинекей кызы жана аялы калды.

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болгон окуя тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0