Маалымат катчы Атыр Бекмурзаеванын айтымында, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүү үчүн борбор калаадагы бир катар жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилет.
"4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында, эски аянтта жана "Жеңиш" аянтындагы жол кыймылы жабылат", — дейт ал.
Бекмурзаева белгилегендей, Киев, Чүй проспектиси, Фрунзе, Тоголок Молдо, Тыныстанов, Абдрахманов көчөлөрү, ошондой эле Жеңиш аянтындагы Чүй преспектисинин Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы аймагы белгиленген мөөнөттөрдө убактылуу жабылат.