БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда төрт уюшкан кылмыштуу топтун 687 мүчөсү турарын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда 501 киши, Азиз Батукаевдин тобуна – 56, Максат Абакировдукунда – 75 жана Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунда 55 киши бар.
2014-жылы милиция кызматкерлери 190 уюшкан кылмыштуу топтун катарындагылар ы кармап, кылмыш жообуна тарткан.