БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Милиция Бишкектин медициналык кызматкерлерин пара алгандыгы үчүн кармагандыгын ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин тургуну тартип коргоо органдарына дарыгерлер анын бейтап баракчасын узартыш үчүн 8 миң сом талап кылып жаткандыгын айтып кайрылган.
Милиция кызаматкерлери директордун орун басары менен хирург-врачты алган парасын иш ордунда кармаган.
Аталган факт боюнча кылмыш-иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.