00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак-Турпак айылынан Ош, Баткен аймактарына жете турган газ кени табылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрхив: Сургут шаары
Архив: Сургут шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунан табылган газ иштетилип калса, Ош менен Баткен элин 5-10 жыл бою камсыздоого жетет.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылынан Ош менен Баткен облустарын камсыздоого кенен жете турган жаратылыш газы табылган. Бул тууралуу биздин кабарчыга Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров билдирди.

"Баткеннефтегаз" ишканасы акыркы 7 жылдан бери мунайзат жана газдын кендерин табуу боюнча чалгындоо иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында болжол менен 500 миллион кубометр газдын кени табылган. Аталган ишкана Баткен облусунун башка аймактарында да чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Табылган газ Баткен менен Ош аймагын 5-10 жылга чейин камсыздоого жетет. Көгүлтүр отундун дагы башка кени табылып калса, элди 10-15 жылга чейин камсыздоого мүмкүнчүлүк болот деп пландап жатабыз", — деди ал.

Акрам Мадумаров учурда газды иштетүү боюнча лицензия берилгенин, азырынча газды элге жеткирүү маселеси каралып жатканын кошумчалады. 

"Кийинки жылы, буюрса, газ табылган жерге чакан завод куруу пландалууда. Аны тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик биргелешип сүйлөшүү жолу менен чечет", — деди ал.

Кыргызстанда газдын баасы кайра кымбаттоодо
Жергиликтүү ЖМКлардын маалымдашынча, учурда Өрүкзар айылына жакын жерге газ куурлары алынып келинген. Эгер жергиликтүү бийлик органдары газды бөлүштүрүү жоопкерчилигин өзүнө ала турган болсо, көгүлтүр от жергиликтүү тургундарга берилип баштайт. 

Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, Баткен шаарын газ менен камсыздоо үчүн Ак-Турпак жана Дара айылдарынан газ куурларын алып өтүү керек. Ал үчүн каражат зарыл.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев дүйшөмбүдө республикалык телеканалдарга берген маегинде Баткен облусунан табылган газды иштетүү боюнча Кыргызстан "Газпром" ишканасына да кайрылганын билдирген. Газ табылган жерге чакан ишкана куруу үчүн 1,5 жылдай убакыт кетет деген президент, газды Жалал-Абад облусуна чейин жеткирүү жагы каралып жатканын айткан. 

"Табылган газды Ошко, андан ары Жалал-Абадга алып барганча 200-300 миллион доллар кетет экен. Бул боюнча Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана атайын адистер менен чогулуш өткөрдүм", — деп айткан президент.

Белгилей кетсек, Ак-Турпак айылынан табылган газдын кени Баткен шаарынан 70 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0