2013-жылы КРСУга студенттерди кабыл алууда мыйзам бузулган эмес

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив: абитуриенттер
Архив: абитуриенттер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРСУнун өкүлдөрү окуу жайдын ректору Владимир Нифадьевди студенттердин кабыл алынышы боюнча кызматынан кетирүүгө таптакыр каршы чыгышууда.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. 2013-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетине абитуриенттерди кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы тарабынан мыйзам бузуу болбогонун аталган окуу жайдын өкүлдөрү бейшембиде Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Жогорку окуу жайдын жамааты ректор Владимир Нифадьевди кызматтан кетирүүгө таптакыр каршы. Алар ректорго толугу менен ишене тургандыгын белгилешти.

"Окуу жайдын ректорунун жана ал жетектеген кабыл алуу комиссиясынын эч кандай жеке кызыкчылыктары болгон эмес", — деп 2013-жылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Салават Усманов билдирди.

КРСУдагы гуманитардык факультеттин деканы Амангелди Бекбалаев билдиргендей, 27 абитуриентти медициналык факультетке кабыл алгыла деген Билим берүү министрлигинин каты 10-сентябрга чейин келген.

"Биз берилген буйрукту аткарганыбыз үчүн айыптуубузбу? 3 абитуриенттин документтери туура болбогондуктан, биз 24 абитуриентти кабыл алганбыз. Бүгүнкү күнү бул абитуриенттердин баары тең министрдин буйругу менен окуу жайдан чыгарылды", — деди ал.

Архив: студенттер - Sputnik Кыргызстан
Билим министрлиги БП козгогон кылмыш ишин комментарийледи
Медициналык факультеттин башчысы Анэс Зарифьян белгилегендей, кээ бир абитуриенттер "жөн эле ыраазы болуу үчүн" окуу жайга кабыл алынбаганын УКМК аларга айтканын маалымдады.

27-ноябрда Башкы прокуратура Кыргыз-Россия Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында билдирүү таратып, анда өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен окуу жайдын ректору Владимир Нифадьевдин ээлеген кызматына шайкештигин кароону сунуштаган. 

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 20-сентябрында КРСУнун ректору Владимир Нифадьев 24 абитуриентти аталган окуу жайынын медициналык факультетине контракттык негизде окууга кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарган. Бул чечимди ал Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун 2013-жылдын 3-сентябрындагы буйругунун жана ошол эле окуу жайынын кабыл алуу комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алган. 

Аталган ишке Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин да тийиштиги бар экенин Башкы прокуратура билдирип, эл өкүлүнө карата да Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Депутат өзүнө тагылган кылмыш иши негизсиз экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0