ЖМК: талибдер Панжшердеги операциясын баштайт

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү"Талибан"* кыймылынын согушкери. Архив
Талибан* кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Панжшерде 2001-жылы 9-сентябрда террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд учурда лидерлик кылып турат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Афганистандын Панжшер провинциясындагы Каршылык көрсөтүү фронтунун күчтөрүнүн лидери Ахмад Масуд менен сүйлөшүүлөр майнаптуу болбой калгандан кийин "Талибан"* кыймылы аларга каршы согуштук операциясын баштоону чечти. Бул туурасында РИА Новости Al-Jazeera телеканалына шилтеме кылып жазды.

"Кыймыл Панжшердеги Ахмад Масуд менен болгон ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдөн кийин провинцияда согуштук операцияны баштоону чечти", — деп билдирген телеканал "Талибан"* кыймылынын өкүлүнүн айтканына таянып.

Учурда Панжшерде мындан 20 жыл илгери, тагыраагы, 2001-жылы 9-сентябрда террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд лидерлик кылып турат. Ал "Талибандын"* бийлигин таануудан баш тартып, аймак талибдерге жападан жалгыз каршылык көрсөтүүдө.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0