Иракта террорчулук үчүн соттолгон 38 киши өлүм жазасына тартылды

© AFP / ARASH KHAMOOSHI / ISNAӨлүм жазасы. Архив
Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади 9-декабрда өлкөдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согуш жеңиш менен аяктаганын билдирген

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ирактын бийлиги террорчулук үчүн соттолгон 38 кишини өлүм жазасына тартканын РИА Новости агенттиги өлкөнүн Юстиция министрлигине таянуу менен билдирди.

"Соттун 38 кишини өлүм жазасына тартылсын деген өкүмү аткарылды", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдиришинче, соттолгон кишилердин айыптары толугу менен аныкталып, өлкө жетекчилигинин буйругу менен өлүм жазасына тартылган.

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади 9-декабрда өлкөдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согуш жеңиш менен аяктаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0