00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:00
4 мин
ОГО!
Отопление с опозданием, ДТП с автобусами и квартира для мамы с двумя детьми
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Этностор аралык биримдикти бекемдөө. Кыргызстан элинин ассамблеясы эмне менен алек?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
"Мончок" — “Акыркы дем” тасмасынын уландысы
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Мурдагы министр Бообек Ажикеев мамлекетке 7,65 млн сом төлөп берди Экс ӨКМ башчы 18-сентябрда кармалган. Аскер прокуратурасы ага Ала-Арча дарыясынын жээгине “Байтик” метеостанциясынын имараты мыйзамсыз курулган деген айып койгон. Башкы прокуратура келтирилген зыян толугу менен төлөнгөнүн билдирди. Ал эми Аламүдүн райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз курулган имарат буздурулганы айтылды. Бишкектин борборундагы айтылуу “Алтын балыктар” деп аталган оргума реконструкциядан кийин ачылды
Мэрия оргуманын инженердик тутуму толугу менен жаңыланып, бирок мурдагы көрүнүшү сакталганын билдирди. Мындан тышкары, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтан курулган. Алардын бири имараттын алдында, экинчиси скверде жайгашкан.Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулуш иштери июль айында башталып, үч айда аяктаган.
Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан старт алып, 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт жана "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексине чейин барышат. Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин "Жеңиш" сейил багында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алат. Ошондой эле саат 09:45тен 10:30га чейин Аалы Токомбаев проспектинин түндүк тарабында (батышты көздөй) автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Финалдык кармашта кыргыз балбаны россиялык Ибрагим Ибрагимов менен кез келип, ага 2:5 эсебинде утулуп калды. Эрназар Акматалиев аталган турнирдеги жүрүшүн 30-октябрда баштаган. Финалга чейинки таймаштарда ал Канада, Түркия жана АКШ өкүлдөрүн жеңип чыккан. Буга чейин Акматалиев 23 жашка чейинки спортчулар (U23) арасында дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону аталган, ошондой эле чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло медалдарын багындырган.Ал эми кыргызстандык Малик Шаваев күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалын утту. Ал 86 кг салмак категориясында күч сынашты. Үчүнчү орун үчүн беттеште Малик россиялык Ибрагим Кадиев менен күрөшүп, жеңишке жетти. Дүйнө биринчилиги Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.
Германиянын 34 шаарында жаштардын нааразычылык акциялары өттү Ага катышуу үчүн 180 миңден ашык адам каттоодон өткөн. Митингчилер бийликтен билим берүү тармагын реформалоону, кымбатчылыкка каршы күрөшүүнү жана өлкөдө милдеттүү аскердик кызматты кайра киргизүүдөн баш тартууну талап кылып жатышат. Ал арада немец канцлери Фридрих Мерц элдин сүймөнчүгүнө айланууну көздөбөй турганын билдирди. Маалыматтарга караганда Германия элинин 10 пайызынын гана Мерцтин ишине ичи чыгат. Ал эми анын партиясынын рейтинги 18 пайызга чейин төмөндөгөн. Өткөн ишембиде Берлинде миңдеген адам канцлердин кызматтан кетишин талап кылып, митинг өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0