00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Оперная сцена без кулис: Оксана Шутова о голосе, характере и цене успеха
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бишкекте милициянын жаңы имараты ачылып, өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилдиСадыр Жапаров милициянын 102 жылдыгына карата Бишкек ШИИББдин кайгуул-посттук кызмат полкунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.Ошондой эле өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилип, милиция кызматкерлерине 102 жаңы унаа жана атайын техника тапшырылды.Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарт каралган. Муну менен биге “Санарип кайгуул” борбору да иштей баштады.
Жаңы Ош базарында негизги курулуш иштери аяктады. Учурда ал жерде кирүүчү жолдорду, инженердик тармактарды жана чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.Ведомство башчысы Каныбек Туманбаев объектке барып, жумуштун жүрүшү менен таанышты.Башкармалыктын маалыматы боюнча, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн кышында жылуу, ал эми жайында салкын боло турган заманбап соода имараттары курулду.Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Жаңы Ош базарын 2027-жылдын жазында ачуу пландалууда. Ал тышкы инфраструктура боюнча бардык иштер аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Долбоордо соода орундары, складдык имараттар, муздаткыч борборлору, спорт залдары, мечит жана медициналык пункттары бар эки жана төрт кабаттуу тогуз корпус каралган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагынан өткөн Минжылкыев көчөсү ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки узундугу 1,4 чакырым болгон тилкеге асфальт төшөлүп, тротуарлар салынды. Жол боюна 84 түп көк чынар (клен) көчөтү отургузулуп, автоматташтырылган сугаруу тутуму орнотулду. Жол ачылар алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчөнү көрүп чыгып, көчөт отургузууга катышты. Анда калаа башчысы президенттин тапшырмасына ылайык, автоматташтырылган сугат системасы жок же такыр сугарылбай турган жерлерге мындан ары бак отургузулбай турганын эскертти. Ошондой эле ал университет жаңы тигилген бактарды карап, жол боюндагы тосмолорду бүтүрүп, жер алдындагы эки жөө өтмөктүн курулушун тездетип бүтүрүшү керектигин белгиледи.
Иран Улуу Британиянын деңиз жана аба күчтөрүн террордук уюм деп тааныды Мындай чечим “душмандык аракеттерге” жооп катары кабыл алынганын Press TV телеканалы билдирди. Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министрлиги Британиянын MI6 чалгын кызматын да кас уюм экенин жарыялаган. Ирандын тышкы саясат мекемеси Улуу Британияны АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу үчүн аскердик базаларды жана логистикалык объектилерди берди деп айыптаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0