БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ирактын бийлиги террорчулук үчүн соттолгон 38 кишини өлүм жазасына тартканын РИА Новости агенттиги өлкөнүн Юстиция министрлигине таянуу менен билдирди.
"Соттун 38 кишини өлүм жазасына тартылсын деген өкүмү аткарылды", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин билдиришинче, соттолгон кишилердин айыптары толугу менен аныкталып, өлкө жетекчилигинин буйругу менен өлүм жазасына тартылган.
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади 9-декабрда өлкөдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согуш жеңиш менен аяктаганын билдирген.