https://sputnik.kg/20261101/1104648447.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Астанада өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн... 01.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-01T15:00+0600
2026-11-01T15:00+0600
2026-11-01T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/01/1104648281_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_851f7d53e4eaa2a17bdd54c14f585165.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Астанада өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн II эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу өкүлдүн аппараты билдирди.Иш-чарада балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук стратегиялар тааныштырылып, балдар үчүн инклюзивдүү чөйрөнү түзүү, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, санариптик мейкиндикте балдардын коопсуздугун сактоо жана психологиялык бакубаттуулугун камсыздоо маселелери талкууланды.Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн III эл аралык форуму 2027-жылы Кыргызстанда өтөт.
Чолпон-Ата шаарынын түптөлүшүнө арналган илимий конференцияда Ысык-Көлдүн экологиялык абалы жана анын соолуу коркунучу талкууланды. Окумуштуулар көлгө агып кирген суунун азайышы жана туристтик объекттерден чыккан саркынды суулар экосистемага олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилешти.Химия илимдеринин доктору, профессор Асылкан Жуманазарованын айтымында, мындан 100 жыл мурда Ысык-Көлгө 101 дарыя куйса, бүгүнкү күндө алардын 30у гана туруктуу агып кирет.Анын белгилешинче, суунун азайышы көлдүн өзүн-өзү тазалоо мүмкүнчүлүгүн начарлатууда. Мындан тышкары, Чолпон-Атадагы конок үйлөрүнөн, санаторийлерден жана пансионаттардан чыккан саркынды суулардын тазаланбай көлгө агышы булгануу коркунучун күчөтүүдө.Конференциянын катышуучулары курорттук аймактардын көзөмөлсүз кеңейиши, туристтердин көбөйүшү жана климаттын өзгөрүшү көлдүн экологиялык абалына кошумча басым жаратып жатканын айтышты.Окумуштуулар Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды жаңылоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана туристтик объекттердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Бишкектин борборунда көп кабаттуу үйдүн терезесинен кыз кулап кеттиОкуя Фрунзе жана Айдарбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун Бишкек шаардык тез жардам кызматынан билдиришти. Чакыруу саат 10:34тө түшкөн.“Канчанчы кабаттан кулаганы белгисиз. Бирок имарат 15 кабат экен. 18 жаштагы жабырлануучу өтө оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилди. Эс-учун жоготкон. Мээси жабыркап, бир нече жеринде сынык бар”, — деп билдиришти Тез жардамдан.Окуяны милиция териштире баштады.
Швейцариянын эң ири шаары Цюрихте да массалык башаламандык болду 20 Minuten басылмасынын маалыматына караганда, акцияларды ашынган солчул экстремисттик топтор уюштурган. Бир нече миң адам Газа тилкесиндеги согушка, полициянын аракеттерине жана фашизмдин күчөшүнө каршылыгын билдиришкен. Митинг учурунда катышуучулар таштанды челектерин, электросамокаттарды жана унааларды өрттөп, көчөлөргө тосмолорду орнотуп, полиция кызматкерлерине бөтөлкө ыргытышкан. Тартип сакчылар суу чачуучу техника жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Окуя учурунда көчөдөн өтүп бара жаткан жай тургундар да жабыркаган.
Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Астанада өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн II эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу өкүлдүн аппараты билдирди.Иш-чарада балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук стратегиялар тааныштырылып, балдар үчүн инклюзивдүү чөйрөнү түзүү, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, санариптик мейкиндикте балдардын коопсуздугун сактоо жана психологиялык бакубаттуулугун камсыздоо маселелери талкууланды.Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн III эл аралык форуму 2027-жылы Кыргызстанда өтөт.Чолпон-Ата шаарынын түптөлүшүнө арналган илимий конференцияда Ысык-Көлдүн экологиялык абалы жана анын соолуу коркунучу талкууланды. Окумуштуулар көлгө агып кирген суунун азайышы жана туристтик объекттерден чыккан саркынды суулар экосистемага олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилешти.Химия илимдеринин доктору, профессор Асылкан Жуманазарованын айтымында, мындан 100 жыл мурда Ысык-Көлгө 101 дарыя куйса, бүгүнкү күндө алардын 30у гана туруктуу агып кирет.Анын белгилешинче, суунун азайышы көлдүн өзүн-өзү тазалоо мүмкүнчүлүгүн начарлатууда. Мындан тышкары, Чолпон-Атадагы конок үйлөрүнөн, санаторийлерден жана пансионаттардан чыккан саркынды суулардын тазаланбай көлгө агышы булгануу коркунучун күчөтүүдө.Конференциянын катышуучулары курорттук аймактардын көзөмөлсүз кеңейиши, туристтердин көбөйүшү жана климаттын өзгөрүшү көлдүн экологиялык абалына кошумча басым жаратып жатканын айтышты.Окумуштуулар Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды жаңылоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана туристтик объекттердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.Бишкектин борборунда көп кабаттуу үйдүн терезесинен кыз кулап кеттиОкуя Фрунзе жана Айдарбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун Бишкек шаардык тез жардам кызматынан билдиришти. Чакыруу саат 10:34тө түшкөн.“Канчанчы кабаттан кулаганы белгисиз. Бирок имарат 15 кабат экен. 18 жаштагы жабырлануучу өтө оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилди. Эс-учун жоготкон. Мээси жабыркап, бир нече жеринде сынык бар”, — деп билдиришти Тез жардамдан.Окуяны милиция териштире баштады. Швейцариянын эң ири шаары Цюрихте да массалык башаламандык болду 20 Minuten басылмасынын маалыматына караганда, акцияларды ашынган солчул экстремисттик топтор уюштурган. Бир нече миң адам Газа тилкесиндеги согушка, полициянын аракеттерине жана фашизмдин күчөшүнө каршылыгын билдиришкен. Митинг учурунда катышуучулар таштанды челектерин, электросамокаттарды жана унааларды өрттөп, көчөлөргө тосмолорду орнотуп, полиция кызматкерлерине бөтөлкө ыргытышкан. Тартип сакчылар суу чачуучу техника жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Окуя учурунда көчөдөн өтүп бара жаткан жай тургундар да жабыркаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/01/1104648281_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41bf85c54091a34b0764b499db97dde4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио