00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Мектептеги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында "Эксперт" аттуу автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жаңы санариптик платформа окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, 2027-2030-жылдарда окуу китептерин басып чыгаруунун мамлекеттик программасынын долбоору да каралып, китептерге буйрутма берүүдөн тартып окуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процессти толук санариптештирүү милдети коюлду. Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турмакчы.
Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан ашкан жол төрт тилкелүү болот. "Учурда инженердик курулмалар 80 пайызга, жер иштери 50 пайызга бүткөн. Жолдон өтүү үчүн акы төлөө керек болот. Кире бериште унаанын мамлекеттик номери катталып, чыгып бара жатканда төлөм алынат. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, орточо баа 500 сомдой болот", — деди Кайымбаев. Анын айтымында, компания жолду 1,5 жыл ичинде куруп, андан кийин дагы 28,5 жыл пайдаланат. 30 жылдык мөөнөт аяктаган соң жол бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекетке өтөт.
Бүгүн, 31-октябрдан тартып Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Мэриядан билдиришкендей, Тыналиев көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейинки узундугу 1,4 чакырымды түзгөн жол асфальтталып, тротуар курулду. Мэр Айбек Жунушалиев көчөнү жеринен текшерип, бак-дарак отургузуу иш-чарасына да катышты.Көчөнү текшерүү учурунда шаар башчысы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин алдында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылышы керектигин баса белгиледи. Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жаңы отургузулган бак-дарактарга талаптагыдай кам көрүү, жол боюндагы тосмолорду орнотуу иштерин аяктоо, ошондой эле эки жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушун жана айланасын көрктөндүрүү иштерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүп, пайдаланууга берүү белгиленди.
Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул жыйын чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттун имаратына киргизилбей, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аймактан чыгып кетүүгө чакырды. Маалыматка караганда, жаңжал парламенттин Конституциялык соттун судьялыгына Мачей Беректи шайлашынан кийин башталган. Оппозициядагы Навроцкий анын антын кабыл алуудан баш тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0