https://sputnik.kg/20261101/1104642915.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады. Маалыматты басма сөз... 01.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-01T13:00+0600
2026-11-01T13:00+0600
2026-11-01T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/01/1104642749_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2021a88395e92cc9e65530fb40504580.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады. Маалыматты басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарыялады. Мамлекет башчысы акыркы алты жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулатылганын, жаңы төлөмдөр 1-декабрдан тарта бериле баштаарын билдирди. Ошондой эле майрамга карата Бишкек ШИИББдин Кайгуул-күзөт полку үчүн жаңы имарат ачылып, милицияга 102 жаңы автоунаа тапшырылган. Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарындагы ички иштер органдары үчүн 42 жаңы имарат онлайн режимде ачылып, пайдаланууга берилди. "Милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт", — деди Жапаров.
Минкаб Бишкектин башкы планын өзгөрттү, бирок эмнелерди өзгөрткөнүн ачыктаган жок."Эркин-Тоо" гезитине 27-октябрда чыккан №721 токтом жарыяланды. Документке ылайык, Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планынын биринчи тиркемеси жаңы редакцияда берилген. Бирок гезитте тиркеменин өзү жарыяланган эмес.Буга ЖК депутаты Дастан Бекешев көңүл буруп, шаарда кайсы жерге курулуш жүргүзүүгө болорун, имараттардын бийиктигин, турак жай жана өнөр жай аймактарын аныктаган негизги чийме өзгөртүлгөнүн айтты. Бирок жаңыланган чийме мэриянын жана Курулуш министрлигинин сайттарында да жок. Депутат долбоордун коомдук талкуудан өткөнү тууралуу маалымат тапкан эмес.Бекешев Курулуш министрлигине депутаттык суроо-талап жөнөтүп, эски жана жаңы чиймелерди берүүнү, өзгөртүүлөр кайсы аймактарга тиешелүү экенин жана документ эмне үчүн коомдук талкууга коюлбаганын түшүндүрүүнү таларын билдирди.
Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана малды тоют менен камсыздоону жакшыртуу боюнча программа даярдалды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө 10 миллион гектарга жакын жайыт бар. Анын ичинен жакынкы жайыттардын 184 миң гектары деградацияга учураган. 2023-2025-жылдары 34 миң гектардан ашык аянтка чөп айдалган. Быйыл бул иштерди улантуу үчүн 186 тонна үрөн сатып алынган. Жаңы программада жайыттарга чөп айдоо, отоо чөптү жок кылуу жана жерди кезектешип пайдалануу каралган.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Владимир Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керек. Ошондой эле Украинанын Россияга сокку уруу позициясы Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө даярдык көрүүгө тоскоол болууда.Лавров бул тууралуу Атлантада өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин билдирди.Ал Россиянын Украина боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн белгилеп, Москва жаңжалдын түпкү себептерин түшүнгөнү үчүн АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына ыраазычылык билдирди.Ошондой эле Лавров Россия, АКШ жана Кытай лидерлеринин Шэньчжэндеги жолугушуусу азыркы шартта маанилүү болмоктугун айтты.
Президент Садыр Жапаров кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады. Маалыматты басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарыялады. Мамлекет башчысы акыркы алты жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулатылганын, жаңы төлөмдөр 1-декабрдан тарта бериле баштаарын билдирди. Ошондой эле майрамга карата Бишкек ШИИББдин Кайгуул-күзөт полку үчүн жаңы имарат ачылып, милицияга 102 жаңы автоунаа тапшырылган. Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарындагы ички иштер органдары үчүн 42 жаңы имарат онлайн режимде ачылып, пайдаланууга берилди. "Милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт", — деди Жапаров.Минкаб Бишкектин башкы планын өзгөрттү, бирок эмнелерди өзгөрткөнүн ачыктаган жок."Эркин-Тоо" гезитине 27-октябрда чыккан №721 токтом жарыяланды. Документке ылайык, Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планынын биринчи тиркемеси жаңы редакцияда берилген. Бирок гезитте тиркеменин өзү жарыяланган эмес.Буга ЖК депутаты Дастан Бекешев көңүл буруп, шаарда кайсы жерге курулуш жүргүзүүгө болорун, имараттардын бийиктигин, турак жай жана өнөр жай аймактарын аныктаган негизги чийме өзгөртүлгөнүн айтты. Бирок жаңыланган чийме мэриянын жана Курулуш министрлигинин сайттарында да жок. Депутат долбоордун коомдук талкуудан өткөнү тууралуу маалымат тапкан эмес.Бекешев Курулуш министрлигине депутаттык суроо-талап жөнөтүп, эски жана жаңы чиймелерди берүүнү, өзгөртүүлөр кайсы аймактарга тиешелүү экенин жана документ эмне үчүн коомдук талкууга коюлбаганын түшүндүрүүнү таларын билдирди.Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана малды тоют менен камсыздоону жакшыртуу боюнча программа даярдалды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө 10 миллион гектарга жакын жайыт бар. Анын ичинен жакынкы жайыттардын 184 миң гектары деградацияга учураган. 2023-2025-жылдары 34 миң гектардан ашык аянтка чөп айдалган. Быйыл бул иштерди улантуу үчүн 186 тонна үрөн сатып алынган. Жаңы программада жайыттарга чөп айдоо, отоо чөптү жок кылуу жана жерди кезектешип пайдалануу каралган. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Владимир Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керек. Ошондой эле Украинанын Россияга сокку уруу позициясы Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө даярдык көрүүгө тоскоол болууда.Лавров бул тууралуу Атлантада өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин билдирди.Ал Россиянын Украина боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн белгилеп, Москва жаңжалдын түпкү себептерин түшүнгөнү үчүн АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына ыраазычылык билдирди.Ошондой эле Лавров Россия, АКШ жана Кытай лидерлеринин Шэньчжэндеги жолугушуусу азыркы шартта маанилүү болмоктугун айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/01/1104642749_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a18f842446f5dce7c5af3d22b07f80ae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио