Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши... Видео

Жазылуу
Жайкы Азия оюндарында алгачкы жолу алтын медаль уткан жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу жеңиши тууралуу айтып берди. Балбан менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы баарлашкан.

Багынбай уулу кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, жеңишин жалпы элге арнаган. Ошондой эле өткөргөн кармаштары тууралуу айтып жатып, эң кыйыны жарым финал болгондугун белгилеген.

"Бул спорттук карьерамдагы ири жеңиш болду. Жалпысынан беш кармаш өткөрдүм. Эң кыйыны жарым финал болду, анда мага таиланддык балбан туш келиптир. Утам деп ниет койгом, Кудайдын буйругу менен жеңишке жеттим. Жеңишимди ата-энеме, жакын туугандарыма, досторума, жалпы кыргызстандыктарга арнайм", — деди Багынбай уулу.

Ата, күмүш медаль болсо да алтындай кабыл алыңыз! Акжол Махмудовдун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ата, күмүш болсо да алтындай кабыл алыңыз! Акжол Махмудовдун видеосу
Төрөкан Багынбай уулу татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Бул Азиядадагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0