Базар-Коргондун 24 жаштагы тургуну айылдашын бычактап салды. Видео

Жазылуу
Шектүү Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган
Базар-Коргон районундагы автобекетте 24 жаштагы жигит 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматты облустук милиция да тастыктады.

Ага ылайык, окуя 7-май күнү саат 9.30дар чамасында болгон. Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара уруша кетип, 19 жаштагы боз уланга 24 жаштагы айылдашы бычак урган. Натыйжада 19 жаштагы атуул кансырап ошол жерден көз жумган.

"Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 24 жаштагы тургунун шектүү катары кармады. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0