00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

© Фото / из личного архива Сайры СанатбаевойКыргызский борец греко-римского стиля, чемпион Азии, призер чемпионата мира Раатбек Санатбаев
Кыргызский борец греко-римского стиля, чемпион Азии, призер чемпионата мира Раатбек Санатбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 7-майда, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 49 жашын белгилемек. Ал кезинде XX кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты балбаны аталган.

Даңазалуу балбан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп (1999, 2000), дүйнө чемпионатынан коло медаль тагынган, эки ирет Олимпиада оюндарында күчүн сынаган. 12 ирет Гран-При мелдешти уткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра Санатбаева менен маек куруп, балбандын коомчулуктан тыш жашоосу жана балдары учурда эмне менен алектенип жатканын билип көрдү.

© Фото / Даулет Санатбаев Сайра Санатбаева: Раатбекке татыктуу жар болдум деп эсептейм. Ал балдарга эң мыкты ата, мага сүйүктүү жар болуп берди.
Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт - Sputnik Кыргызстан
Сайра Санатбаева: Раатбекке татыктуу жар болдум деп эсептейм. Ал балдарга эң мыкты ата, мага сүйүктүү жар болуп берди.

— Раатбек мырза менен кантип таанышып, түтүн булатып калгансыздар? Дегеле сүйүү баяныңыздан кеп салсаңыз?

— Раатбек экөөбүз Надежда Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта бирге окуганбыз. Агезде бири-бирибиди сыртыбыздан таанычубуз. Кийин ал машыктыруучу, мен балдардын спорт мектебинде мугалим болуп иштеп жүргөндө жакындан тааныштык. Бизди спорт табыштырды. Рааттын биринчи кезекте чынчыл, токтоо мүнөзү, ыймандуулугу, анан, албетте, келишимдүү келбети арбап алды.

— Раатбек мырзага кандай жубай болдум деп ойлойсуз? Ал сизге кандай күйөө болду?

— Татыктуу жар болдум деп эсептейм. Раатбек балдарга эң мыкты ата, мага сүйүктүү жар болуп берди.

— Экинчи уулуңуздар төрөлгөндө Раатбек мырза казак балбаны Даулет Турлыхановдун ысымын ыйгарыптыр. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

— Уулубузга белгилүү спортчунун аты берилгендигине сыймыктанам. Азыркыга чейин Даулет Турлыханов менен байланышып турабыз. Ал мага бир тууган агамдай.

© Фото / из личного архива Сайры СанатбаевойБалбандын жубайы Сайра Санатбаева: Рааттын биринчи кезекте чынчыл, токтоо мүнөзү, ыймандуулугу, анан, албетте, келишимдүү келбети арбап алды.
Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт - Sputnik Кыргызстан
Балбандын жубайы Сайра Санатбаева: Рааттын биринчи кезекте чынчыл, токтоо мүнөзү, ыймандуулугу, анан, албетте, келишимдүү келбети арбап алды.

— Үйдө казан-аяк кагышчу беле?

— Ызы-чуу, уруш-талаш болгон эмес. Раатбек мелдештерде, машыгууларда жүрүп үйдө деле көп болчу эмес. Мен дагы спорт тарамагынан болгондуктан спортчулардын түйшүгүн жакшы билем. Убагында гандбол боюнча курама командада машыккам.

© Фото / из личного архива Кабыла МакешоваГрек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Раатбек Санатбаев спорттук журналист Кабыл Макешов менен
Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Раатбек Санатбаев спорттук журналист Кабыл Макешов менен

— Мелдеште, машыгууларда жүргөндө кызгануу сезимдери болчу беле?

— Чынын айтсам кызганган эмесмин, ага себеп жок болчу.

— Айрым спортчулар мелдештен утулганда чөгүп кетишет эмеспи. Сиз кантип жардам берчү элеңиз?

— Раатбек мүнөзү күчтүү адам болчу, эч качан башын жерге салган эмес. Анча-мынча кыйынчылык болгондо жылуу сөзүмдү айтып, көнүлүн көтөрүп койчумун.

© Фото / из личного архива Сайры СанатбаевойСайра Санатбаева: Раатбек мүнөзү күчтүү адам болчу, эч качан башын жерге салган эмес. Анча-мынча кыйынчылык болгондо жылуу сөзүмдү айтып, көнүлүн көтөрүп койчумун.
Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт - Sputnik Кыргызстан
Сайра Санатбаева: Раатбек мүнөзү күчтүү адам болчу, эч качан башын жерге салган эмес. Анча-мынча кыйынчылык болгондо жылуу сөзүмдү айтып, көнүлүн көтөрүп койчумун.

— 2006-жылдын 8-январы бүтүндөй кыргыз үчүн, анын ичинде сиз үчүн дагы абдан оор күн болсо керек?

— Эстен кеткис, кайгылуу күн. Раатбегимди жоготконума азыркы күнгө чейин кейип, жүрөгүм ооруп келет.

— Раатбек мырза киши колдуу болгондо бир нече көз караштар айтылды эле. Сиз бул тууралуу эмне деп айта аласыз?

— Кеп кылгым келбейт.

— Балдарыңыздын ичинен кимиси мүнөзү жана келбети жагынан атасына окшош?

— Ар бир баламдан Раатбекти көрөм.

— Эки уулуңуз да ата жолу менен килемге чыгып жүрдү эле. Андан ары улантышкан жокпу, деги эле балдарыңыз эмне менен алектенет?

— Спорт менен ден соолукту чыңдашып машыгып турушат. Жакында эле тун балам Бексултан үйлөндү. Мамлекеттик кызматта иштейт. Даулет болсо Казакстанда бизнес менен алектенет. Кызыбыз Асема мектепте окуйт. Англис тил курсуна барат, комузда ойноп, бийге катышат, айтор убактысын текке кетирбейт. Балдарым 23, 22, 15 жашта.

© Фото / Мурат БаймолдиновРаатбек Санатбаев менен жубайы үч балалуу болушкан. Учурда тун уулу Бексултан мамлекеттик кызматта иштесе, экинчиси Даулет Казакстанда бизнес менен алектенет. Үйдүн кенжеси Асема мектепте окуйт.
Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт - Sputnik Кыргызстан
Раатбек Санатбаев менен жубайы үч балалуу болушкан. Учурда тун уулу Бексултан мамлекеттик кызматта иштесе, экинчиси Даулет Казакстанда бизнес менен алектенет. Үйдүн кенжеси Асема мектепте окуйт.

— Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

— Учурда Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте жетекчинин орун басары катары эмгектенем. Жолдошумдун ишин улантып жатам десем болот. Жыл сайын элесине арнап грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өткөрүп келебиз.

— Кечиресиз, Раатбек мырзадан кийин турмуш курган жоксузбу?

— Кайрадан турмуш курам деп эч убакта ойлонгон жокмун.

Жаңылыктар түрмөгү
0