"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм

© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч""Ак аюу" каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев
Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат.

Спортчу алгач бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Евразия мелдешинин башкы жеңүүчүсү аталган. 2015-жылы ММА спортуна өтүп, ошол эле жылы дүйнө чемпионун багындырган. Учурда "Жаш күч" спорт клубунун курамында, машыктыруучусу Замир Сыргабаев. Мамасалиев журналист Гүлдана Талантбековага каймана атынын чечмеленишинен тарта жеңиши жана жеңилиши тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековМыктыбек Мамасалиев: бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап "Ак аюу" деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн "Ак аюу" кетип баратат деп калышат
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мамасалиев: бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап "Ак аюу" деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн "Ак аюу" кетип баратат деп калышат

Адатта спортчулар аз сүйлөй турганы маалым. Ойлонуп-толгонуп жатып, сөзүңдүн баарын жыйнап суроо берсең, "ооба" же "жок" деген жооп узатат. Бирок спортчулардын жакшы жери — эч кандай жасалмалуулук жок, болгонун болгондой айтып салышат.

— Сизди "Ак аюу" деген каймана ат менен көбүрөөк тааныйбыз. Мындай ысымдарды, негизи эле каймана атты спортчунун эмнесине карап беришет?

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
— 2008-жылы Чолпон-Атада Евразия оюндары өткөн. Ошол кезде каймана ат менен чыгуу кеңири тарап кеткен. Бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап "Ак аюу" деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн "Ак аюу" кетип баратат деп калышат.

— Маселен, спортчулар "карышкыр", "жырткыч", "кабылан", "өрт" деген бир башкача ысымдарды коюп алышат. Ал канчалык бир деңгээлде силерге таасирин тийгизеби?

— Каймана ат менен чыгуу спортчуларга сүр берет деп айтышат. Бирок мунун баары жеке каалооңдон көз каранды. Башкача аттар мени да кызыктырат. Мисалы, казактарда "мысык" деген ысымды алып жүргөн спортчу бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековМыктыбек Мамасалиев: мен спортту сүйөм, ал менин жашоом. Кошумча ишкерлик менен алектенем. Борбордогу Дене тарбия жана спорт академиясын бүткөм. Быйыл, буюрса, юридикалык академияны аяктайын деп турам
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мамасалиев: мен спортту сүйөм, ал менин жашоом. Кошумча ишкерлик менен алектенем. Борбордогу Дене тарбия жана спорт академиясын бүткөм. Быйыл, буюрса, юридикалык академияны аяктайын деп турам

— Спорт дүйнөсүндө канча убакыттан бери жүрөсүз?

— Бул дүйнөгө аралашып калышыма ыраматылык атам түрткү берген. Жаштайымда сыналгыдан мушташтарды көрүп, кызыгуум артты. 14 жашыман тарта бокс менен машыга баштадым.

— Каражаттын тартыштыгынан көбү спортту хобби катары карашат же убакыттын өтүшү менен башка жумушту аркалап кетишет. Сиздин спортко болгон мамилеңиз кандай?

— Мен спортту сүйөм, ал менин жашоом. Кошумча ишкерлик менен алектенем. Борбордогу Дене тарбия жана спорт академиясын бүткөм. Быйыл, буюрса, юридикалык академияны аяктайын деп турам.

— Беттеште ар ким ар түрдүү ыкма менен жеңишке жетет. Сиз көп учурда атаандаштарды көпкө кармабай эле нокаутка кетиресиз. Соккуларыңыз дагы катуу экени байкалып турат. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүзбү?

— Менин беттештерим бир эле раундга созулат. Эки мүнөттүн ичинде атаандашымды байкаштырып туруп, ыңгайы келгенде уруп салам. Бул балким өзгөчөлүктүр, балким спорттун ыкмасыдыр.

— Сиздин мушташ учурундагы виделоруңуз интернетте ачык эле жүрөт. Айрым спортчулар болочоктогу атаандаштар ыкмаларымды көрүп алып, ошого жараша бутага алышат деп жүктөшпөйт экен. Сиз бул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

— Мен андай нерселерден кооптонбойм. Көрүп даярданган учурда деле машыкканыңа жараша жыйынтыкка жетесиң. Атаандашың тууралуу укканда маалымат үчүн видеолорун көрүп койгон учурлар болот. Бул бардыгында эле колдоно турчу ыкма.

© Sputnik / Табылды КадырбековМыктыбек Мамасалиев: эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун. Эми кайрадан машыгууну улантып жатам. Буюрса, бир айдан кийин беттешке даяр болуп калам
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мамасалиев: эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун. Эми кайрадан машыгууну улантып жатам. Буюрса, бир айдан кийин беттешке даяр болуп калам

— Денеңиздин канча жеринде жаракат бар деп сурабай эле коеюн. Эң орчундуусун айтыңызчы?

Чемпионат UFC Ultimate Fighting в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Хабиб Нурмагомедовдун келиши күтүлүүдө
— Төрт-беш жыл мурун колуман катуу жаракат алып, ал бир жыл мурун гематомага айланган. Адатта денеге сокку урулганда кан уюп отуруп сөөк сыяктуу катып калат экен. Операция кылып алдырганга туура келди. Алты ай спортко аралашкан жокмун. Эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун. Эми кайрадан машыгууну улантып жатам. Буюрса, бир айдан кийин беттешке даяр болуп калам.

— Сакалыңыздан улам дин жолундасызбы деген суроо туулат. Ошондой болсо ислам принцибинде мусулмандар бири-бирине физикалык жактан зыян келтирбейт, өзгөчө бетке чаппайт деп айтылат. А сиздердин ММА беттештерин сырттан көрүп эле эсиң чыгат?

— Диний китептерди окуп жатам. Буга чейин сиз айткандар боюнча көп кишиден сураштырдым. Албетте, ар кандай соккулар болот. Бирок беттеш эки спортчунун макудугунун негизинде, ортодо эч кандай нааразычылыгы жок жүрүзүлсө уруксат экен.

— Баарынын көздөгөнү эле жеңиш. Ичине кек сактап калсачы?

— Спортто кек сактоо деген болбошу керек. Тескерисинче, беттештен кийин кол алышып, дос болуп калууга аракет кылабыз.

— Спорттук карьераңызды жеке кызыкчылыктар үчүн жумшаган күндөр болду беле? Маселен, айрым көйгөйдү муштум менен чечип дегендей…

— Жаш кезде көчөдө көп урушчумун. Азыр андай убак өткөн. Конфликт жараткандан деле алыспыз, муштум деле көтөрбөйм. Акыркы жолу беттештен тышкары мушташканым эсимде жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековМыктыбек Мамасалиев: 11-класста окуп жүргөндө эле салмагым 90 кг болчу. Ичимдин баарын май баскан эле. Кийин спорт менен машыкканда анын баары денеге булчуң болуп тарады
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мамасалиев: 11-класста окуп жүргөндө эле салмагым 90 кг болчу. Ичимдин баарын май баскан эле. Кийин спорт менен машыкканда анын баары денеге булчуң болуп тарады

— Бир күндө канча убакыт машыгасыз?

— Беттешке чукул төрт саат машыгып туруу жетиштүү. Мындай күндөрү эки саат машыгам. "Жаш күч" спорт клубундамын. Беттештерге мушкерлик боюнча Акжол Ажибеков даярдачу. 2014-жылы ММА өткөндөн бери Замир Сыргабаев жардам берип турат. Бишкекте жүргөндө өзүм эле машыгам, Ошко барганда Замир байке машыктырат.

— Дене-түзүлүшүңүз бир топ олбурлуу экен. Форманы сакташ үчүн эмне кыласыз же насилиңизден ушундайсызбы?

Кыргызстандык спортчу, аралаш жоокер искусствосу, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди
— Өзүмдүн табиятым ушундай. 11-класста окуп жүргөндө эле салмагым 90 кг болчу. Ичимдин баарын май баскан эле. Кийин спорт менен машыкканда анын баары денеге булчуң болуп тарады.

Азыр салмагым 100 килограмм. Беттешке эки күн калганда 93кө түшүрүп коем. Он күндүн ичинде салмакты түшүрүп же кошуп койсо болот. Биздин организм көнүп калган. Ал үчүн чуркап, көнүгүүлөр менен машыгып, майлуу, камыр тамактарды азайтып коебуз.

— Спортто дагы канча убакыт болоюн деген оюңуз бар?

— Мен спортто жашайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0