Кыргызстанда бокс боюнча үч гана рефери кызмат кылат. Боркоева журналист Гүлдана Талантбековага эмне себептен мушкерлер ринг үстүндө кыздарды теңине алып калганын айтып берди.
— Мушкерлер рефери болгондон кийин беттеш талаасына чыга албай калат деп уккам. Рингге чыгып дагы да ийгилик жаратмакмын деп кабатырланган жоксузбу?
— Жыйырма сегизге чыктым. Мушкерликтеги убактым бүттү деп ойлойм. Бокс жаңыдан өсүп келе жатканда калыстыкка (рефери) өттүм. Өкүнбөйм деле. Эл рингди сыртынан көрсө, бизге ичинен көргөнгө буюрганы кубандырат.
— Жумушуңар деле бир топ оор болсо керек?
— Башында оор болду. Анткени мушкерлер бизди көп деле тоготчу эмес. "Кыз экен ушуга тил алмак белем" дегендей мамиле кылышчу. Ачык айтканда биз аларга, алар бизге көнө албай жаттык. Эркек кишинин кантсе дагы сүрү болот эмеспи. Азыр бири-бирибизди колдоп калдык. Мындайча айтканда мушкерлер калыстык кылган кыздарга көндү.
— Азыр деле сөздү укпаган мушкерлер болсо керек? Ачуусу мурдуна жетип силерге чейин жулунгандар болобу?
— Ар бир мелдеш өз деңгээли менен болот экен. Адатта спорт чеберлери сөздү жакшы угушат. Алар көп нерсени көрүп, билип калгандар. Үйрөнчүктөр болсо калысты угуп иштегенге көнгөн эмес. Алар беттештин кызуусуна батып кеткенде, элдин чуулдаганынан укпай калышабы айтор тилди албай калган учурлар болот. Мурун "токто" деп кыйкырып коюу жетиштүү болсо, азыр мушкерди ийин жагына уруп коюуга уруксат берилген. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Кээде токто дегенди уккан мушкер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып экинчисин чаап жибериши мүмкүн. Бирөө жеңишке жетсе экинчиси намыстанып ызылдап ийген учурлар да болот.
— Реферилер мушкерлерге канчалык деңгээлде дем бере алышат?
Дем-күч бере турчу сөздү машыктыруучулар көп айтышат. Сырттан минтип ур, тигинтип ур деп кыйкырып турушат. Биздин милдет болсо эки мушкерди тең бирдей карашыбыз керек.
— Ринг талаасынан жеңилүү ызасын тартып калган учурда бири-бирине тиш кайрап, эшиктен бүтүрөбүз дегендери да болсо керек?
— Спорттун жазылбаган мыйзамдарынын бири — бул бүгүн урушуп, эртең табышмай. Спортко балдар жаштайынан аралашкандыктан, машыктыруучулар маселени рингдин үстүндө гана чечкенге үйрөтөт. Эшикке чыгып бүтүрүп алам дегендерди, көчө спортчулары катары эле көрөм.
— Рингде турганда беттештин кызуусуна сиз дагы кирип кетесизби?
— Каражат жагы кандай, бир беттешке канча аласыңар?
— Мамлекеттик мелдеште беш күндүк кызмат үчүн 400 сомдой алабыз. Ошондо бир күнгө 83 сом төлөнөт. Жеке мелдештер болсо көбүрөөк беришет. Биздин реферилер спортко салым кошом деген адамдар. Каражат табуу үчүн башка жактарда да эмгектенишет. Мен аскердик спорт клубунда инструктор болуп иштейм.
— Акчасы аз эле турбайбы. Бул тармакты эмне себептен тандап алгансыз?
— Спорт жашоомдун бир бөлүгү. Спортто жүргөндө кадимкидей эс алам. Стресс, депрессиядан алдаканча алыс болосуң.
Назира аттуу дос кызым экөөбүз чогуу машыгып баштаганбыз, алты жыл мурун калыстыкты да чогуу баштап, бир убакта экөөбүз тең улуттук, эл аралык рефери наамдарын алганбыз.
— Калыстыктын негизги эрежелери кандай?
— Бокс мелдеши AIBA эрежеси боюнча өткөрүлөт. Кадимкидей окуп, үйрөнүп, экзамен тапшырып турабыз. Жыйынтыгына жараша даражабыз көтөрүлүп турат. Азыр мен эл аралык даражадагы AIBA бир жылдызына ээ болдум болдум. Негизи үч жылдыз жана беш жылдыз дегендери бар.
— Даражалар силерге кандай жол менен берилет?
— Эл аралык деңгээлдеги даражага жетиш үчүн экзаман тапшырасың. Бирок экзман алгандар чет жактан келишет. Эрежелерди оозеки сурайт, рингден практика жүзүндө сынашат, мелдеш убагында да келип карашат. Баага татыктуу болсоң өтөсүң.
— Негизи бизде канча айым калыстык кылып жүрөт?
— Бокс боюнча бизде үч кыз бар. Назира, Мээрим жана мен. Улуттук даражадагы калыс Айнура Сыдыкова деген айым болуп эсептелет. Ал өлкө боюнча реферинин даражасын эң биринчилерден болуп алган. Учурда башкы катчы болуп эмгектенет. Биз болсо рингдин ичине кирип калыстык кылгандарданбыз.
— Сиз бардыгына эле калыс болуп жүрөсүзбү же кыз-эркегине, улуу, кичүүсүнө, арык-семизине карайсызбы?
— Бизге айырмасы деле жок. Салмагына, жашына карабайбыз. Менин боюм 1.60 сантиметр. Оор салмактарга калыс болгондо аябай кичинекей болуп калам. "Токто" деп кыйкырсаң мушкерлер үстүдөн ылдый жакты карашат. Бизди көрүп көрөрмандар күлүшкөнүн байкап калам. Айнура эже (ред. — Сыдыкова) "столго чыгып албайсыңбы" деп күлө берет.
— Кыздар кекчил болобуз да. Алар менен иштешүү оорчулук жаратпайбы?
— Кыздар менен иштешүү балдарга салыштырмалуу жеңил. Эркектердин ортосуна түшкөндө таамай соккусу мага тийбесе экен деп кооптоносуң. Алардын соккусу колума, ичиме, төшүмө тийип кеткен учурлар болгон. Байкабай тийип кетти деп кечирм сурагандар бар, тоң моюндар болсо оюндан четтетилет.
— Турмушка чыккам. Жазында кыздуу болоюн деп жатам. Буюрса тыңып алсам кайрадан калыстыкка чыгайын деп турам. Жолдошум кудайга шүгүр колдойт. Балам дагы спортко жакын болот окшойт деп ойлоп калдым. Себеби курсактагы беш айлык бала менен рингде калыс болуп жүрдүм. Азыр деле иштей бермекмин, бирок кийип жүргөн формаларым батпай калбадыбы (күлүп).