Мунун себебин "Түндүк электр" жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен деп түшүндүрдү. Андан улам учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулганын айтышты.
Электр кубаты өчкөндөн көп өтпөй Бишкек ТЭЦинде адаттан тышкаркы көрүнүш болуп, катуу үндү коштогон коюу буу чыга баштаган.