БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча күбө катары кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган факты боюнча Атамбаевдин Сеидбек жана Кадыр аттуу уулдары күбө катары ИИМдин Тергөө кызматына алып келинип, сурак бергенден кийин үйүнө коё берилген. Ошондой эле тарапташтары Темирлан Султанбеков жана Анвар Арматов көрсөтмө берип жатышат.
Эске сала кетсек, бүгүн, 10-октябрда, УКМК менен ИИМ массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган. Андан кийин Фарид Ниязов менен Курсан Асанов колго түшүрүлгөн.
Ошондой эле интернетте президент Атамбаевдин үй-бүлөсүн күч органдарынын кызматкерлери дубалга такап турган сүрөт тараган эле