00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Унаа" ишканасынын бөлүмдөрү карантинден кийин ачылды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых техпаспортов и прав в Кыргызстане
Выдача новых техпаспортов и прав в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мекеменин бир катар бөлүмдөрү ишин жандантса, 20-июлдан 2-августка чейин Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен сектору карантинге жабылмакчы.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин карантинге жабылган бөлүмдөрү 20-июлдан тарта кайрадан иштеп, каттоо жүргүзүп баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу "Унаанын" бөлүмдөрү 6-июлдан тартып убактылуу жабылган эле.

Калкты тейлөө борборуна эми телефон аркылуу кезекке туруп коюуга болот

Автоунаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убактылуу токтотулушу жарандардын жана юридикалык жактардын автоунааларга ээлик кылуу жана пайдалануу укугу катталган ишеним каттардын мөөнөтүнүн аякташына алып келген.

20-июлдан тарта иштей турган бөлүмдөр:

  • Бишкек шаардык бөлүмү (Чокан Валиханов көч., 2);
  • Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык сектору, Военно-Антоновка а., "Риом-Авто" унаа базарынын аймагында жайгашкан;
  • Нарын бөлүмү;
  • Сүлүктү бөлүмү;
  • Кочкор сектору;
  • Жумгал сектору.

Ал эми бир катар жерлерде карантин мөөнөтү узартылган.

"Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана Лебединовка айылы, Победа проспектиси 121Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүндө карантиндик иш-чаралар ушул жылдын 2-августуна чейин узартылды", — деп айтылган маалыматта.

20-июлдан 2-августка чейин Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен сектору карантинге жабылат.

Тыгылып кирип... Бишкектеги калкты тейлөө борборунан тартылган видео

Военно-Антоновка айылындагы "Риом-Авто" автоунаа базарынын аймагында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунда иш тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Сектор 08:30-17:30га чейин иштейт (түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00), иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0