Дем алышта бир жумалык уйкуну кандырса болобу? Адистин пикири

Жазылуу
Дарыгердин айтымында, дем алыш күндөрү уктап алам деп башка учурда азыраак уктаса болот. Бирок бул нерсе кесепетсиз калбайт.

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Жакшылап эс алып, дайыма күүлүү-күчтүү болуш үчүн адам аптанын жети күнүндө тең бирдей уйку режимин карманышы керек. Бул тууралуу Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Роман Бузуновдун сөзүнө таянып, РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, дем алыш күндөрү уктап алам деп башка учурда азыраак уктаса болот. Бирок бул нерсе кесепетсиз калбайт.

"Көпчүлүк башка күндөрдүн ордун толтурам деп ишемби күнү саат 12ге чейин укташат. Демек ал күнү түн бир оокумга чейин уктай албайт. Кеч жаткан соң эртеси, жекшемби күнү дагы, түшкө маал турат. Ошентип бул көрүнүш дагы бир жолу кайталанып, дүйшөмбүдө эрте туруу өзүнчө бир көйгөйгө айланат”, — деди дарыгер.

Анын пикиринде, мындай учурда адамдын уйку режими алты саатка жылып кетет.

Мындан улам адис дем алыш күндөрү башка учурларга салыштырмалуу эки саат ашык уктап коюу жетиштүү экенин эскертет. Организм дагы жетиштүү эс алып, уйку режими дагы калыбында калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0