Тележылдыз, профессор, ишкер. Эл башындагы саясатчылардын жубайлары эмне иш кылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова
Президентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ийгиликке жеткен ар бир эркектин артында акылдуу аял турары айтылат. Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги бир кездерде жана ушул тапта өлкө башында турган саясатчылардын жубайлары кимдер экенине кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бул аялдардын түгөйлөрүн күндө эле ЖМК беттеринен көрүп, жасаган ишинен кийген кийимине чейин талкуулап калабыз.

Бул жолу алардын жубайлары тууралуу иликтеп, эмне иш кыларына кызыктык.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева коомчулукка көп чыга бербейт. Айыл жана мал чарбачылыгы боюнча чакан ишкерлик менен алектенет. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева кесиби боюнча дарыгер. Ушул жылдын башында Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамына татыган. Учурда борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде эмгектенет.

© Фото / президиум Высшей аттестационной комиссии КРЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева
Присвоения ученого звания профессор Раисе Атамбаевой - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жубайы эки уул, эки кыздын энеси. Ушул тапта балдарды тарбиялоо менен алектенип, үйдө отурат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жубайы дагы үй кожойкеси, балдардын тарбиясы менен алек.

Парламенттин мудагы төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова "Акун" компаниясынын башкы директору. Жергиликтүү ЖМКлар жазганына караганда, ал мурда Бишкектеги банктардын бирине дагы ээлик кылган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун колуктусу Асел айымдын кесиби мугалим. Буга чейин Кыргыз-орус славян университетинде иштеген. Учурда үйдө бала багып жаткан кези.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун жубайы көпчүлүккө таанымал теле алып баручу Мира Шүкүралиева. Мира айым учурда НТС каналында иштейт. Жолдошу экөө терт баланы тарбиялоодо.

Өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун өмүрлүк жары кесиби боюнча орус тили мугалими. Учурда мамлекеттик органдардын биринде иштейт. Эки уул, бир кыздын энеси.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жубайы Рита экөө бир уул, үч кызды тарбиялашат. Рита Бабанованын кыз кезиндеги фамилиясы — Бирбаева. Айрым ЖМКларда жазылгандай, Казакстанда көп жылдар бою акимдик кызматты аркалаган адамдын кызы. Учурда ишкерлик чөйрөсүнө аралашып жүрөт. 

© REUTERS / Vladimir PirogovЭкс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жубайы Рита
Кандидат в президенты Омурбек Бабанов  - Sputnik Кыргызстан
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жубайы Рита

Паралменттин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лилери Бакыт Төрөбаев жубайы Аселге 1997-жылы баш кошкон. Асел Төрөбаева дагы бизнеске аралашып, учурда ун өндүрүү менен алектенген компаниялардын бирин жетектейт.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин өмүрлүк жары Айжан Сариева — англис тили мугалими. Бир топ жыл бою Бишкектеги мектептерде сабак берген. Учурда үй кожойкеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0