Жумабеков Дастан Артисбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында туулган. Билими жогору. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу 

  • 2002 — Түркиялык "Баямташ ЛТД" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө коммерциялык директору;
  • 2005-2007 — "КАSI трейнинг" Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;
  • 2007-2009 — "ЯКАД" ЖЧКсында башкы мүдүр;
  • 2009 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин механикалаштырылган көчмө отрядынын башчысы;
  • 2010-жыл, октябрь — да "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча  Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы  депутаты;
  • 2014-жыл, май —   Жогорку Кеңештин  "Ата-Журт"  фракциясынын лидеринин орун басары;
  • 2015-жыл, июнь — Жогорку Кеңештин  "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп шайланган;
  • 2015-жыл, 4-октябрь — "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы  депутаты;
  • 2017-жылдын 25-октябрынан тарта Жогорку Кеңештин төрагасы.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0