Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТурускулов Жыргалбек Күрүчбекович
Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыргалбек Турускулов 1975-жылы 3-январда Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн.

Билими:

1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Экономика" багыты боюнча бүтүргөн;

2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "Юриспруденция" факультетинен билим алган.

2014 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын "Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар" багыты боюнча бүтүргөн;

2015 — Кыргыз техникалык университетинин "Энергокамсыздоо" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1996-1998 — "Эмгекчил" акционердик коомунун сатуучусу;

1999-2010 — "Строй-Арсенал" жана "Эмгекчил" ишканаларынын негиздөөчүсү, башкы директору;

2010-2013 — "Чыгышэлектр" акционердик коомунун башкы директору;

2013-2015 — коомдук иштер менен алектенген;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0