Бабанов Өмүрбек Токтогулович — өмүр баян

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Бабанов 1970-жылы 20-майда Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган.

Билими жогору. "Агроном", "каржы менеджменти" жана "юрист" адистиктери боюнча үч дипломго ээ. 

Эмгек жолу:

  • 1988-1989 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
  • 1995-1998 — Тараз шаарында (Казакстан) жоопкерчилиги чектелген коомдун директору 
  • 1998-1999 — "Шымкентнефтеоргсинтез" ААКнын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү 
  • 1999-2000 — "Мунай" компаниясынын директорунун орун басары
  • 2000-2004 — "Кыргызпахта" ЖАКтын президенти, Жалал-Абад 
  • 2002-2005 — "Петро Казахстан Ойл Продакс" компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси
  • 2004-2005 — "Мунай Мырза" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү 
  • 2005-2007 — Жогорку Кеңештин №56 Кара-Буура шайлоо аймагы боюнча депутаты
  • 2007 — КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын башчысы
  • 2008 — "Мунай Мырза Инвест" ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
  • 2009 — вице-премьер-министр 
  • 2009-2010 — "Мунай Мырза Инвест" ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
  • 2010 — "Республика" партиясынын төрагалыгына шайланган
  • октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
  • 2010 —КРдин биринчи-вице-премьер-министри
  • 2011-2012 — КРдин премьер-министри
  • октябрь, 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
  • 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан
  • 2018-жылдын 19-январынан тарта депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0