Сариев Темир Аргембаевич — өмүр баян

Жазылуу
1963-жылы 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1983-жылы эмгек ишмердигин Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор болуп иштөө менен баштап, бир катар кызматтарды аркалаган, 1987-жылы экономист кызматын ээлеген.
1987-1989-жылдары комсомолдук ишинде, алгач үйрөтүүчү кызматын ээлеп, андан соң Аламүдүн райком комсомолунун эмгек жаштарынын бөлүм башчысы болуп иштеген.
1989-1991-жылдары партиялык кызматта турган. Андан соң Аламүдүн райкомунун КПКсында уюштуруучу бөлүмүндө үйрөтүүчү кызматын ээлеген, Аламүдүн райаткаруу комитетинде аппарат жетекчиси, Аламүдүн райаткаруукомитетинде төраганын орун басары болгон.
1991-жылдан тарта Кыргыз товар-сырье биржасын негиздеп анын биринчи президенти болуп, аны 1995-жылга чейин жетектеген.
1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын мүдүрү.
2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.
2005-жылы Кыргызстандын Конституциялык кеңешинин мүчөсү.
2007-жылы "Реформа үчүн!" кыймылынын теңтөрагасы, катарлаш эле "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын теңтөрагасы.
2008-жылдын июнь айында "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын төрагасы болуп шайланган.
2008-жылдын 24-декабрында Кыргызстандын "Бириккен элдик кыймылынын" саясый бюросунун мүчөсү болгон.
2010-жылдын 8-апрелинде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, Каржы министри болуп дайындалган.
2011-жылдын 24-декабрындагы Президентинин буйругу менен Экономика жана монополияга каршы саясат министри болуп дайындалган;
24-апрелде президент өкмөттүн отставкасы боюнча жарлыкка кол койгондон кийин экономика министринин милдетин аткаруучу, кийин экономика министри болгон;
2015 — 2016 — Кыргызстандын премьер-министри;
2021-жылдын август айында УКМК тарабынан Кумтөр кени боюнча коррупциялык ишке шектелип кармалган.
"Акшумкар" саясый партиясынын төрагасы.
II класстагы мамлекеттик даражасы бар.
III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0