https://sputnik.kg/20200615/abulgaziev-muhammetkalyj-dujshekeevich-omur-bayan-1024276031.html
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич — өмүр баян
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич — өмүр баян
Sputnik Кыргызстан
Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган. 15.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-15T21:14+0600
2020-06-15T21:14+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102537/43/1025374389_0:109:1600:1014_1920x0_80_0_0_dbb96fcd7d1cc5507cd97c8316cba066.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102537/43/1025374389_0:9:1600:1014_1920x0_80_0_0_bff52ffe644e4025ff49fa42b3810533.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
таржымал, мухаммедкалый абылгазиев, мухаммедкалый абылгазиевдин отставкасы
таржымал, мухаммедкалый абылгазиев, мухаммедкалый абылгазиевдин отставкасы
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич — өмүр баян
21:14 15.06.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган.
Билими:
- 1994 — Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган.
- 1997 — Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1994 — 1995 — "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай директорунун орун басары;
- 1995 — 1997 — "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору;
- 1997 — 1998 — Өкмөт алдындагы Мамлекеттик орто жана чакан бизнести колдоо фондунун насыялоо бөлүмүнүн эксперти;
- 1998 — 1999 — Биринчи май районунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын директору;
- 1999 — 2003 — Бишкектин калкты иш менен камсыз кылуу департаментинин директору;
- 2003 — 2003 — Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгынын башчысы;
- 2003 — 2007 — Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
- 2007 — 2009 — Социалдык фонддун аппарат башчысы;
- 2009 — 2010 — Социалдык фонддун төрага орун басары;
- 2010 — 2016 — Социалдык фонддун төрагасы;
- 2016-жылдын 13-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министр. 22-августта Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткарган;
- 26.08.2017 — 12.09.2017 — КР президентинин кеңешчиси;
- 12.09.2017 — 16.03.2018 — КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
- 16.03.2018 — 20.04.2018 — КР президент аппаратынын жетекчиси;
- 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР премьер-министри;
- 2020-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын өкмөт башчылыгынан кетүү боюнча арызын берди.