БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Москвада баш кошкон кыргызстандык түгөйлөр үлпөт тоюндагы кортежге тик учак менен чыгышты. Бул туурасында алардын тоюн видеого тарткан команданын мүчөсү Нургазы Чыныбеков билдирди.
Анын айтымында, жубайлардын тою кечээ, 5-май күнү, Москва шаарында өткөн.
"Чыңгыз деген жигит Бегимай аттуу кызга үйлөнүп, биз тоюн тартып бердик. Үйдөн дос-курбулары менен эки лимузин менен жөнөшкөн. Анан аэродромго барып, эки жаш тик учакка отуруп, абада айланып шаарды көрүп келишти. Анан кайра лимузиндер менен ресторанга бардык", — деди Чыныбеков.
Ал эми чет өлкөлүк дагы бир жигит тик учак менен абага көтөрүлүп, тою өтүп жаткан жерге парашют менен түшүп келип көпчүлүктү таң калтырган.