Пензада кемпирди сактап калган Беков: сүзө албай бир маалда өзүм да чөгө баштадым

© Фото / предоставлено Торогулом БековымЭкс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото
Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун абалы ушу тапта жакшы. Төрөгул Беков чөгүп бараткан аялды сактап калгандагы ирмемдери тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 2010-2011-жылдары Кыргызстандын Айыл чара министрлигин жетектеп турган Төрөгул Беков Sputnik Кыргызстан агенттигине Пенза шаарындагы көлгө чөгүп бараткан кемпирди кантип куткарып калганын баяндап берди.

Бул тууралуу Пензанын ЖМКлары жазып, окуя 3-июль күнү болгонун, шаар тургандары кыргызстандыктын эрдигин чагылдыруу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин жарыялашканын белгилешкен.

Окуянын жүрүшү

Беков окуя эс алуу күнү болгонун, ошол маалда ал кыздары менен сууга түшкөнү бара жатканын айтат. Орозо болгондуктан өзү сууга түшпөстөн, кыздарына жээктен көз салып турган.

"Ошол убакта сууга киши чөгүп баратканын айтып аялдар чуулдап калды. Сууну карасам жээктен 50-70 метрдей аралыкта адам чөгүп жан алакетке түшүп жатыптыр. Сууга секирип, жанына сүзүп бардым. Аял суу жутуп алыптыр, бети көгөрүп бараткан экен. Бир колум менен аны кармап, экинчи колум менен чабак урдум. Бир маалда өзүм да чөгө баштадым. Ошондо суу алдынан аялды ийниме арта салып, эки колдоп сүзүп жөнөдүм", — деди ал.

Бул убакта жээкке дарыгерлер, куткаруучулар келип калышкан. Аялды жасалма дем алдырып, кычкылтек маскасын пайдаланышкан. Бековдун айтымында, аял өзүнө келип, оозунан суу чыккандан кийин аны дарыгерлер ооруканага алып кетишкен.

"Мен жээкке чыккандан кийин титирегенимди байкап, алыска сүзүп барганымды түшүндүм. Мен жакшы деле сүзө албайм, буга чейин деле өзүмдү көмгөн сууда деле сүзгөн эмесмин", — дейт ал.

Мурдагы аткаминер кийинки күнү тамак-ашын алып алып, куткарып калган аялды ооруканадан барып көргөн.

"Окуя тууралуу маалыматты ЖМКга туугандары бериптир. Мен ал тууралуу унутуп деле калгам, бүгүн ошол окуя тууралуу жазып жатышат деп кабарлашты", — дейт Беков.

Таксинин шашкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик тургун өмүрүн сактап калган таксистти издөөдө
Мурдагы министр 2017-жылдын февралынан тарта Россияда жашап, "Агро эко" жоопкерчилиги чектелген коомду жетектей турганын билдирди.

"Бул жакка досторум чакырган. Буга чейин кантсе да айыл чарба министри болуп иштеп калбадымбы. Москвадагы айыл чарба академиясын аяктагам, тажрыйба бар. Мекенимде мамлекеттик жумуштарга чакырган жок, үй-бүлөнү багыш керек да. Мен бул жерде жетекчимин дагы, агрономмун дагы", — деп кошумчалады ал.

Ыраазычылык

Ираида Костюк — чөгүп кете жаздаган Нина Шевченкону караган сиңдиси. Ал эжеси эсин жоготуп сууга кулап кетиши мүмкүндүгүн айтты. 64 жаштагы кемпир окуядан кийин 10 күн ооруканада дарыланган.

"Нина жээкке жакын эле сүзүп жүргөн. Бир нече мүнөткө эле көз жаздымда калды окшойт. Ызы-чуудан улам чуркап бардым. Эс-учун жоготуп, жыгылып кетсек керек. Аны жээкке алып чыгышканда гана көрдүм. Нина жакшы кыймылдай албагандыктан мен аны карап багам. Азыр абалы жакшы. Окуядан кийин биз Бековго чалып сүйлөшүп, ыраазычылыгыбызды айттык. Анын бул жасаганын баатырдык кадам деп эсептейбиз. Азыр кишилер деле бири-бирине үзүлүп түшүп жардам бербей калышты да", — дейт ал.

Костюк ошондой эле Россиянын ӨКМине кыргызстандык жарандын эрдигин баалап, ыраазычылык билдирүүнү суранып кат жолдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0