Никитенко Наталья Владимировна. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Наталья Никитенко. Архив
Депутат Наталья Никитенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наталья Никитенко 1979-жылы 26-мартта Бишкек шаарында туулган. Билими жогору. 2001-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясын жана ошол эле жылы Москвадагы Эл аралык бизнес жана башкаруу университетин "менеджмент" адистиги боюнча аяктаган.

2008-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясынан магистрлик даражасын алган.

Эмгек жолу:

  • 2001-2003 — Junior Achievement Kyrgyzstan фондунун тышкы байланыш бөлүмүнүн менеджери 
  • 2003-2006 — Бишкектин каржы-экономикалык академиясында эл аралык бөлүмдүн жана карьералык борбордун башчысы
  • 2006-2010 — "EdNet билим берүү мекемелеринин ассоциациясы" ЮТБдин директору жана "TeachEx жогорку билим берүү академиясы" КФтин аткаруучу директору 
  • 2010 — Адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрайымы 
  • октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

КРдин билим берүү боюнча отличниги, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик катчысы.

Сыйлыктары:

  • Жогорку кеңештин жана КР Билим берүү министрлигинин ардак грамоталары.

Бир уулдун энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0