Сооронбай Жээнбеков өзүнө жаңы башкы жан сакчы дайындады

Жазылуу
Мурдагы орун басар өзү берген арызынын негизинде бошотулган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси Токтосун Сабыров өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Президенттин башка буйругу менен Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды.

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттеги биринчи адамдарды кайтарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0