БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын маанилүү бөлүгү өлкөдөгү ФЕТӨ уюмунун ишмердиги тууралуу болгонун Sputnik Түркия маалымат агенттиги Hurriyet гезитинин Анкарадагы кабарчысы Ханде Фыратка таянуу менен жазды.
Жеке булактардын маалымдашынча, Кыргызстандын мурдагы бийлиги ФЕТӨгө каршы жетиштүү чара көргөн эмес. Бул уюмдун айрым жетекчилери өлкөдөгү системанын боштугунан пайдаланып, бул жакта ээн-эркин жүрөт.
"Ошол эле коопсуздук кызматындагы булактардын маалыматы боюнча Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ФЕТӨ уюмун коркунуч катары көрөт жана түрк бийлиги менен биргеликте иш алып барууну кубаттайт. Бирок бул нерсени коомго ачык айтуу көйгөй жаратышы мүмкүн деген чочулоо бар", — деп жазат Sputnik Түркия агенттиги.
Түркиянын жогорку кызматта иштеген аткаминерлеринин бири Кыргызстандагы ФЕТӨ уюму боюнча акыркы абалды мындайча түшүндүргөн.
Эске салсак, эки тараптуу жолугушуулардан кийин КР президенти Сооронбай Жээнбеков ФЕТӨ уюму боюнча өзүнүн так пикирин айткан. Анда өлкө башчысы дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген мектептер толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө экенин жана кимде ким кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турган кадамдарга барса катуу жоопкерчиликке тартыларын билдирген.