00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в каких сферах может подключаться Кыргызстан?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
37 лет спустя: что объединяет кыргызстанцев, прошедших Афганскую войну
12:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭС, ОДКБ, ШОС: что Кыргызстан получает от интеграции
14:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как и куда жаловаться: права граждан и обязанности госорганов
20:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркия Кыргызстандан ФЕТӨ уюмуна мүчө делген 130 кишини берүүнү талап кылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан
Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк басылмасынын жазышынча эки тараптуу жолугушууларда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы ФЕТӨнү өлкөгө коркунуч жарата турган уюм катары кабылдай турганын айткан.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын маанилүү бөлүгү өлкөдөгү ФЕТӨ уюмунун ишмердиги тууралуу болгонун Sputnik Түркия маалымат агенттиги Hurriyet гезитинин Анкарадагы кабарчысы Ханде Фыратка таянуу менен жазды.

Жеке булактардын маалымдашынча, Кыргызстандын мурдагы бийлиги ФЕТӨгө каршы жетиштүү чара көргөн эмес. Бул уюмдун айрым жетекчилери өлкөдөгү системанын боштугунан пайдаланып, бул жакта ээн-эркин жүрөт.

"Ошол эле коопсуздук кызматындагы булактардын маалыматы боюнча Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ФЕТӨ уюмун коркунуч катары көрөт жана түрк бийлиги менен биргеликте иш алып барууну кубаттайт. Бирок бул нерсени коомго ачык айтуу көйгөй жаратышы мүмкүн деген чочулоо бар", — деп жазат Sputnik Түркия агенттиги.

Түркиянын жогорку кызматта иштеген аткаминерлеринин бири Кыргызстандагы ФЕТӨ уюму боюнча акыркы абалды мындайча түшүндүргөн.

Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: Гүлендин уюму Кыргызстанда тамыр жайып, саясатчыларды да колго алган
"Кыргызстан менен башка мамлекеттер ФЕТӨ уюмунун көздөгөнү эмне экенин, анын ичинде өзгөчө жашыруун имамдар тууралуу маалыматы бар деп ишенгим келет. Бул нерсени түшүндүрүп, ачык айтып жатабыз жана уланта беребиз. Түркиянын колунда Кыргызстандагы ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар 130 кишинин тизмеси бар, аны Кыргызстанга бердик. Биз тизмедеги 13 кишини биринчилерден болуп бергиле деп жатабыз. Алар жогорку кызматтарда отурат жана уюмду башкарат. Арасында Орто Азия имамы да бар. Анын аты, фамилиясы, эмне иш кылары боюнча бардык маалыматтар камтылган", — деди аткаминер.

Эске салсак, эки тараптуу жолугушуулардан кийин КР президенти Сооронбай Жээнбеков ФЕТӨ уюму боюнча өзүнүн так пикирин айткан. Анда өлкө башчысы дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген мектептер толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө экенин жана кимде ким кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турган кадамдарга барса катуу жоопкерчиликке тартыларын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0