Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылда жасаган ишин канааттандырды

Жазылуу
Депутаттар өкмөттүн былтыр жасаган ишин жактырып-жактырбоо боюнча эки ача пикирди айтышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча отчетту канааттандырды. Депутаттарды 96сы колдоого алса, 5 депутат каршы болду.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Энергетика министрлигин кайрадан түзүү керек
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыр жасалган иши боюнча отчет берген.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык деп табууну сунуштады.

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандыраарлык эмес деп табуу керектигин, антпесе эртең башкача оюндар болуп кетерин айтты. Ал 2017-жылдын жарымынан тарта өкмөттү Сапар Исаков жетектегенин, эки ай мурун ушул эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтүлбөй отставкага кеткенин эске салды.

"Калыстык менен карап канааттандыраарлык эмес деп тапканыбыз туура болот", — деди депутат.

Депутат Тазабек Икрамов өкмөттүн 2017-жылдагы отчетун колдоо керектигин айтты. Мурунку премьер Сапар Исаков жалпы өкмөттүн жасаган иши эмес, өзүнүн иш-аракеттеринен улам кеткенин кошумчалады.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: быйыл бюджеттин чыгымы 4 млрд. сомго чейин кыскартылат
"Исаковго кадрдык саботаж кылганы үчүн, Кумтөр боюнча, Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча ишеним көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин өкмөт өзүнүн ишин алып барып жаткан, мындан кийин да алып барат деп ишенебиз", — деди эл өкүлү.

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров Сапар Исаковдун жеке өзүнө ишеним көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Өкмөттүн 2017-жылдагы отчетун жактырып-жактырбоо Исаковдун өкмөтүнө баа берүү дегенге жатпай турганын айтты.

Жыйындын соңунда премьер-министр Абылгазиев бардык депутаттарга ыраазычылык билдирип, туура чечим чыкканын белгиледи.

"Бүгүн кызуу талкуу болуп сабак ала турган ой-пикирлер айтылды. Туура чечим чыкты. Сын пикирлерден жыйынтык чыгаруу эми бизден. Кырсыктан тышкары ден соолукта болгула", — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, Абылгазиев премьер болуп быйыл апрель айынын аягында келген болчу. Ага чейин биринчи вице-премьер, президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.

2018-жылы 19-апрелде парламент Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгон

Жаңылыктар түрмөгү
0