14:31 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
806 0 0

Өлкө башчысы парламентке өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн барган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди.

Өлкө башчы парламентке өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн келген. Бүгүнкү жыйында биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев, вице-премьер Даир Кенекеев жана маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ант беришти.

Жаңы өкмөт мүчөлөрүнө президент ийгилик каалап, эл өкүлдөрүн жаңы жылы менен куттуктады.

"Жаңы жыл мамлекетибизге ийгилик алып келген жыл болсун. Молчулуктун, токчулуктун жылы болсун. Убадаларыбыз аткарылып, өкмөт мүчөлөрү жакшы иштесин", — деди Жээнбеков.

Өз кезегинде спикер Дастан Жумабеков да жаңы өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалады.

Тема боюнча

Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды
Назарбаев: Жээнбековдун иш сапарында биз тил табыша албаган чечимдер калган жок
Белгилер:
спикер, Сооронбай Жээнбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ