09:52 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Сүрөт

Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
3460 0 0
  • Башкы каарман Уркуянын ролун аткарган чырайлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева
  • Колхоздун уйларын уурдап саткан шектүүлөр. Тасма тартуу маалындагы ирмем
  • Киночулар массовкага катышкандардын көпчүлүгүн жергиликтүү тургундардын арасынан чогулткан
  • Укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берген кош бойлуу Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева)
  • Каракчылардын таяк жеп айылдан качкан Үтүр уста (Сүймөнкул Чокморов), ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя
  • Кинофильмде тартылган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев
  • Таланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен иштешкен киночулар
  • Короодо баласын киринткен Уркуя. Кинокартинага Таттыбүбү Турсунбаеванын кичинекей уулу Канат да тартылган
  • Режиссёр борбордон келген актёрлорду келбетин элеттиктерге окшоштуруу үчүн атайын күн чайыттай тийген талаада отургузган
  • Башкы ролду аткарган Таттыбүбү Турсунбаева атка жакшы мингенин замандаштары эскерет
  • Ат арабанын үстүндө Искендер Рыскулов, актриса Зарема Мадемилова, колуна ымыркай кармаган Таттыбүбү Турсунбаева жана ат минип келе жаткан актёр Бакирдин Алиев. Баткен, 1971-жылы
  • Эл ичине бүлүк салган ажы (Муратбек Рыскулов) кол алдындагы жигиттерин сабап жаткан учур. Кинокартинадагы бир ирмем
  • Каракчылардын колунан көз жумган 24 жаштагы Уркуя жана жолдошу Колдош экөө канжалап жаткан эпизод
© Sputnik / Александр Федоров
Башкы каарман Уркуянын ролун аткарган чырайлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева

Мындан 50 жыл мурун кинорежиссёр Төлөмүш Океев Уркуя Салиева жөнүндө тарыхый көркөм тасма тартууга киришип, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде кинорежиссёр Төлөмүш Океев 1971-жылы "Отко таазим" аттуу тасма тартып баштайт. Анда аялдардын арасында алгачкылардан болуп айылдык кеңештин төрайымы, кийин колхоз башчысы болуп иштеген Уркуя Салиеванын өмүрү, басып өткөн жолу, адамдык сапаттары көрсөтүлгөн. Ага чейин Океев жазуучу Касымаалы Баялиновдун "Ажар" повести боюнча 1916-жылдагы окуяларга кайрылып фильм жаратууга аракет кылган. Бирок жогору жактагылар демилгени колдогон эмес. Ошондон улам СССРдин эл артисти "Отко таазимге" бел байлап, архивдик документтерди изилдеп, мезгилдүү басылмаларда жарыяланган маалыматтарды чогулткан.

Киночулар чыгарманы өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагыдай кылып камерага түшүрүү үчүн Баткен облусуна болгон техника, жабдуулар менен көчүп барып, ондогон актриса, актёр бала-бакырасы менен жеткирилген. Ага чейин кинематографисттер республика аймагын түрө кыдырып, электр чубалгылары өтпөгөн, даңгыраган жол салынбаган, автоунаалар жүрбөгөн жерди издеп, цивилизация жетпеген, жашоочулары жок эски кыштакты Баткен облусунан тапкан. Анткени кинокартинада Кыргызстанда совет бийлигинин жаңы орногонун, элдин жашоо-турмушун, колхоздоштуруунун алгачкы жылдарын көрсөтүү керек эле. Ээн талаада кошумча курулуш иштери жүргүзүлүп, эски кийим-кече издеп, талаа иштери күчөгөн кезде массовка чогултуп, ошол мезгилдеги элдин маанайын ачып берүүгө бардык аракет жасалган.

Андан сырткары, кинофильмде роль аткарган актёрлордун өңү-түсүн, келбетин ошол жылдарга окшоштуруш үчүн режиссёр артисттерди күн сайын төрт-беш саат ачык талаада отургузган. Түштөн кийин гана суусап, бозала болгон актёрлорду оператор Кадыржан Кадыралиев камерасына тарткан. Ушундай оор шартта жаралган эмгекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын боюнан да түшүп калган экен.

Көзү тирүү кезинде улуу актриса Sputnik агенттигине маек куруп, өмүрүндөгү ушул ирмемди төмөнкүчө айтып берген:

"Бир окуя эсиме түштү... 1971-жыл. Баткенде "Уркуя" киносуна тартылып жаткан кез, жай, аптап. Күйөөм да жаныма учуп барды. Жакын жерде көл бар, кош бойлуу болгондо чөкпөйт да экен, түшө бердим... Бир аз күндөн соң толгоо башталды. Бала үшүп, туурасынан келип калыптыр. Жергиликтүү төрөт үйүнө, доктурга алып барышты. Ымыркайдын колу чыгып, өзү чыкпайт. Дарыгерлер 2-3 саат алпурушту. Артисттердин баары ошол жерде айланчыктап жүрүшүптүр. Бир учурда дарыгерлер же энесин, же баласын сактап калыш керек деген чечимге келип, анан жолдошум, кыязы, энесин алып калгыла деген го. Ымыркайдын колун кесип туруп, анан сууруп чыгышыптыр. Мага наркоз берилип, эч нерсени сезбептирмин.

...Кинону бүтүрүш керек деп тасмада араба менен көчүп жаткан эпизодду тартууга туура келди. Түк алым жок, машина менен алып барып, анан ошол жерден арабага отургузушту. Аны эч унутпайм. Муну жаш кезимдеги акылсыздыгым деп билем. Ойлосом жаман болуп кетем. Акыл калчаш керектиги анда кайдан ойго келиптир", — деген Сейдакматова.

Ал эми башкы каарман Уркуянын ролун аткаргысы келген актрисалар Фрунзедеги театрлардан, башка советтик республикалардын чыгармачыл жамааттарынан бери келген. Океев көпчүлүгүн жактырбай, соңунда Таттыбүбү Турсунбаевага токтогон.

Аталган фильмде роль жараткан курам күчтүү эле. Арасында Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Искендер Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Жапар Садыков, Асанбек Кыдырназаров, Алымкул Алымбаев, Тургун Бердалиев, Чоро Думанаев, Насрет Дубашев, Чолпон Даанышманова, Аскар Сейдалиев, Деңизбек Чалапинов, Алмаз Кыргызбаев, Текен Чалапинов, Николай Толстых бар болчу.

"Отко таазим" 1972-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, режиссёр Төлөмүш Океевге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Тема боюнча

Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Дүйнөнү түрө кыдырган "Көз айнекчен". Тасмадагы кызыктуу ирмемдер
Белгилер:
Кыргызстан, режиссер, Төлөмүш Океев, кино тасма, сүрөт

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ