https://sputnik.kg/20260611/1101834394.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү... 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T17:00+0600
2026-06-11T17:00+0600
2026-06-11T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101834228_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28c4700c3127a83193e32edf170da310.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес.
Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук иш ачык өтө турган болду. Мындай өтүнүчтү ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова келтирген. Анын айтымында, соттук отурумда каралып жаткан айрым маалыматтар буга чейин эле жарыяланып, мамлекеттик сырды камтыбайт. Демек, иштин бардык материалдарын жашыруун кармоого негиз жок. Сот өтүнүчтү канааттандырып, процессти ачык өткөрүү чечимин кабыл алды. Кийинки отурум 15-июнга белгиленди.
Бишкек шаарында Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери Башкы пландын алкагында башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолукту. Эске салсак, бүгүн бул боюнча ЖОЖдогулар тосмону алууга реакция жасаган видео тараган. Шаардын башчысы долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, шаардыктардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмө берген. Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчөнүн туурасы сегиз метр болмокчу. Жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандырылат. "Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектин Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү автотыгынды азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт", — деп мэриядан билдиришти. Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жээги менен өтүп, ЖОЖдун студенттеринин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн мэрия жер алдына эки өтмөк салмакчы.
Окуучу бала каза болгон Кызыл-Кыядагы мушташтан кийин үч өспүрүм жана эки милиционер кармалды. Бул тууралуу бизге жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Милиция кызматкерлери милдетин так аткарган эмес деп шектелип жатышат. Адвокаттын айтымында, тартип сакчыларынын мушташты болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Милициядан кызматкерлердин кармалганы тастыкташты. Буга чейин ИИМ кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Убактылуу кармоочу жайга 16 жаштагы улан киргизилген эле.
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес.Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук иш ачык өтө турган болду. Мындай өтүнүчтү ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова келтирген. Анын айтымында, соттук отурумда каралып жаткан айрым маалыматтар буга чейин эле жарыяланып, мамлекеттик сырды камтыбайт. Демек, иштин бардык материалдарын жашыруун кармоого негиз жок. Сот өтүнүчтү канааттандырып, процессти ачык өткөрүү чечимин кабыл алды. Кийинки отурум 15-июнга белгиленди.Бишкек шаарында Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери Башкы пландын алкагында башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолукту. Эске салсак, бүгүн бул боюнча ЖОЖдогулар тосмону алууга реакция жасаган видео тараган. Шаардын башчысы долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, шаардыктардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмө берген. Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчөнүн туурасы сегиз метр болмокчу. Жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандырылат. "Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектин Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү автотыгынды азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт", — деп мэриядан билдиришти. Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жээги менен өтүп, ЖОЖдун студенттеринин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн мэрия жер алдына эки өтмөк салмакчы.Окуучу бала каза болгон Кызыл-Кыядагы мушташтан кийин үч өспүрүм жана эки милиционер кармалды. Бул тууралуу бизге жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Милиция кызматкерлери милдетин так аткарган эмес деп шектелип жатышат. Адвокаттын айтымында, тартип сакчыларынын мушташты болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Милициядан кызматкерлердин кармалганы тастыкташты. Буга чейин ИИМ кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Убактылуу кармоочу жайга 16 жаштагы улан киргизилген эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101834228_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_177587b1c07a0eb8bcb3a7c1fd5e39e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио