https://sputnik.kg/20260611/1101824306.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак Ордодон"... 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T11:00+0600
2026-06-11T11:00+0600
2026-06-11T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101824140_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9fff646bac97fd0fc0170e105986b422.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак Ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт. "Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Бишкектин жогору тарабындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жаңы тарифтер күчүнө кирди. Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, өзгөргөн баа 8-июндан тарта колдонулууда. Жаңы тариф боюнча чоңдор үчүн билеттин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысы 150 сомдон 180 сомго жогорулады. 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калды. Ошондой эле электромобиль менен парктын аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин көбөйдү. Соцтармакта эл баанын жогорулашына түшүндүрмө берүүнү жана кыргызстандыктар үчүн өзүнчө тариф киргизүүнү сунушташууда. Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып киргизилген. Ошол учурда төлөм системасы өзгөртүлүп, автоунаа үчүн эмес, ар бир кирген киши үчүн өзүнчө төлөм алына турган болгон. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын паркка киришине тыюу салынып, электромобилдерге гана уруксат берилген.
Бишкекте мас айдоочу кириптер болгон кырсыктан беш машина кагышып, бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди. Окуя түндө саат 23:45 чамасында Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол милициясы Mercedes Benz алдыдагы Audi үлгүсүндөгү эки автоунааны сүзгөнүн билдирди. Алар Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү машиналарга урунган. Кырсыктын кесепетинен Kia K7 автокөлүгүндөгү жүргүнчү жаракатынын улам ооруканага кайрылган.
Түндө АКШ Иранга кайрадан сокку уруп, Тегеран жооп кайтарганын РИА Новости жазды. Агенттик Пентагондун борбордук командачылыгына (CENTCOM) шилтеме берип, Ирандагы объектилерге жасалган чабуул аяктаганын билдирген. "АКШнын борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу жаатында Ирандагы бир топ бутага чабуул жасады", — деп Х социалдык тармагына жазышкан. Алар негизинен Ирандын аймагындагы байланыш каражаттарына жана абадан кол салганда коргонгон системаларга чабуул жасаганын айтышкан. АКШнын айтымында, аткылоого аймактык суу жолдорунан америкалык жана эл аралык коммерциялык кемелерге келген кооптуулуктар себеп болгон. Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына, тагыраагы, 18 жерге сокку урганын Ислам революциясын коргоочулар корпусунан билдиришти. Чабуул ракета жана дрондор менен жасалган. Ирандык маалымат каражаттары муну аскердик операциянын биринчи баскычы деп аташты. Алардын арасында Кувейттеги "Али ас-Салем" жана "Ахмад-аль-Жабер", Бахрейндеги "Шейх-Иса", Иорданиядагы "Муваффак Салти" авиабазалары бар экени айтылды. Кувейт мындан улам аба мейкиндигин жаап, авиакаттамдар запастагы аба майдандарга жиберилүүдө.
Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак Ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт. "Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.Бишкектин жогору тарабындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жаңы тарифтер күчүнө кирди. Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, өзгөргөн баа 8-июндан тарта колдонулууда. Жаңы тариф боюнча чоңдор үчүн билеттин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысы 150 сомдон 180 сомго жогорулады. 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калды. Ошондой эле электромобиль менен парктын аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин көбөйдү. Соцтармакта эл баанын жогорулашына түшүндүрмө берүүнү жана кыргызстандыктар үчүн өзүнчө тариф киргизүүнү сунушташууда. Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып киргизилген. Ошол учурда төлөм системасы өзгөртүлүп, автоунаа үчүн эмес, ар бир кирген киши үчүн өзүнчө төлөм алына турган болгон. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын паркка киришине тыюу салынып, электромобилдерге гана уруксат берилген.Бишкекте мас айдоочу кириптер болгон кырсыктан беш машина кагышып, бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди. Окуя түндө саат 23:45 чамасында Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол милициясы Mercedes Benz алдыдагы Audi үлгүсүндөгү эки автоунааны сүзгөнүн билдирди. Алар Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү машиналарга урунган. Кырсыктын кесепетинен Kia K7 автокөлүгүндөгү жүргүнчү жаракатынын улам ооруканага кайрылган. Түндө АКШ Иранга кайрадан сокку уруп, Тегеран жооп кайтарганын РИА Новости жазды. Агенттик Пентагондун борбордук командачылыгына (CENTCOM) шилтеме берип, Ирандагы объектилерге жасалган чабуул аяктаганын билдирген. "АКШнын борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу жаатында Ирандагы бир топ бутага чабуул жасады", — деп Х социалдык тармагына жазышкан. Алар негизинен Ирандын аймагындагы байланыш каражаттарына жана абадан кол салганда коргонгон системаларга чабуул жасаганын айтышкан. АКШнын айтымында, аткылоого аймактык суу жолдорунан америкалык жана эл аралык коммерциялык кемелерге келген кооптуулуктар себеп болгон. Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына, тагыраагы, 18 жерге сокку урганын Ислам революциясын коргоочулар корпусунан билдиришти. Чабуул ракета жана дрондор менен жасалган. Ирандык маалымат каражаттары муну аскердик операциянын биринчи баскычы деп аташты. Алардын арасында Кувейттеги "Али ас-Салем" жана "Ахмад-аль-Жабер", Бахрейндеги "Шейх-Иса", Иорданиядагы "Муваффак Салти" авиабазалары бар экени айтылды. Кувейт мындан улам аба мейкиндигин жаап, авиакаттамдар запастагы аба майдандарга жиберилүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101824140_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ec66acf243f93055c416a7a9e6c5cdca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио