https://sputnik.kg/20260611/1101837535.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 11-июнда, Кыргызстанга өлкө президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе биринчи расмий сапары менен келди... 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T19:00+0600
2026-06-11T19:00+0600
2026-06-11T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101837369_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2fc8e60ad0536fe339402aac541c0f3b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 11-июнда, Кыргызстанга өлкө президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе биринчи расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол ротасы тизилди. Белгилей кетсек, бул эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтүп, кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Бүгүн мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өкүлдөр райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа рыноктогу баа өзгөрүүлөрүнө өз убагында баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.
Нарындагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы чокуга Ормон хандын атын берүү сунушталды. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү бийлик иштери боюнча агенттик иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Чоку деңиз деңгээлинен 4234 метр бийиктикте жайгашкан. Документ президенттин Ормон хандын атын түбөлүккө калтыруу тууралуу сунушун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Демилге 2023-жылы 2-октябрда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чарада көтөрүлгөн. "Ормон хан — кыргыз элинин тарыхта бекем орду бар инсандарынын бири. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдап, кыргыз урууларынын башын бириктирүүгө, аймактык бүтүндүүлүктү сактап калууга жана өлкөнүн коомдук-саясий түзүлүшүн өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон", — деп айтылат документтин негиздемесинде.
2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстан ак майдын экспортун дээрлик 20 эсе көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, январь-март айларында республика чет жакка 26,8 тонна продукция чыгарган (өткөн жылдын ушул мезгилинде 1,4 тонна гана болгон). Экспорттолгон көлөмдүн дээрлик бардыгын Беларусь сатып алган, ал эми калган чакан партиялар Россия, Казакстан (ЕАЭБ өлкөлөрү) жана Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Бүгүн, 11-июнда, Кыргызстанга өлкө президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе биринчи расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол ротасы тизилди. Белгилей кетсек, бул эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтүп, кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.Бүгүн мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өкүлдөр райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа рыноктогу баа өзгөрүүлөрүнө өз убагында баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт. Нарындагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы чокуга Ормон хандын атын берүү сунушталды. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү бийлик иштери боюнча агенттик иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Чоку деңиз деңгээлинен 4234 метр бийиктикте жайгашкан. Документ президенттин Ормон хандын атын түбөлүккө калтыруу тууралуу сунушун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Демилге 2023-жылы 2-октябрда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чарада көтөрүлгөн. "Ормон хан — кыргыз элинин тарыхта бекем орду бар инсандарынын бири. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдап, кыргыз урууларынын башын бириктирүүгө, аймактык бүтүндүүлүктү сактап калууга жана өлкөнүн коомдук-саясий түзүлүшүн өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон", — деп айтылат документтин негиздемесинде.2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстан ак майдын экспортун дээрлик 20 эсе көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, январь-март айларында республика чет жакка 26,8 тонна продукция чыгарган (өткөн жылдын ушул мезгилинде 1,4 тонна гана болгон). Экспорттолгон көлөмдүн дээрлик бардыгын Беларусь сатып алган, ал эми калган чакан партиялар Россия, Казакстан (ЕАЭБ өлкөлөрү) жана Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101837369_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b12bfc91ed289ce84b6c55a7aa6f6cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио