https://sputnik.kg/20260610/1101818567.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президент Садыр... 10.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-10T19:00+0600
2026-06-10T19:00+0600
2026-06-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101818401_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b959513f991b98adf3ad6eb70a16862e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден соолугу, алардын толук кандуу тамактануусу жана сергек жашоо мүнөзүнүн туруктуу негиздерин калыптандыруу маселелери өлкөнү узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу, мектепте сапаттуу тамактанууну камсыз кылуу мамлекеттин социалдык милдеттенмеси гана эмес, өлкөнүн келечегине багытталган инвестиция катары да каралат. Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды. Министрлер кабинетинин башчысы ведомствонун алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.
Бишкек шаарынан Чуңкурчакка чейин айылдарды кыйгап өткөн жол салынарын транспорт министри Талантбек Солтобаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.Анын айтымында, учурда жаңы трассанын долбоору даярдалып жатат. Жол төрт тилкелүү болуп, калктуу конуштарды айланып өтөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жер маселесин чечип, Бишкектин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экени белгиленди. "Жол Бишкекти жогорку аймак менен байланыштырат. Узундугу 9 же 11 чакырым болот. Бардык маселелер чечилгенден кийин курулуш иштерин баштайбыз", — деди министр.
ЖККУ Армениянын уюмга төлөбөй келген мүчөлүк акысы боюнча маселени кароого даяр. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, ЖККУ Уставдын милдетин аткарбаган мүчө мамлекетке карата аракеттерди жөнгө сала турган беренелерди карап чыкмакчы. ЖККУ Уставынын 25-беренесине ылайык, эгер мүчө мамлекет эки жыл бою карызынан кутула албаса, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши өлкөнү квоталык кызматтарга талапкер көрсөтүү укугунан ажыратып кое алат. Карызынан толук кутулмайынча добуш берүү укугу да токтотулат.Мындан тышкары, Уставда өлкөнүн уюмдун органдарындагы ишмердүүлүгүн токтотуу, талаптар мындан ары да аткарылбай турган болсо бирикмеден чыгаруу каралган. Чечим маселеси каралып жаткан мамлекеттин катышуусуз кабыл алынышы мүмкүн.
2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден соолугу, алардын толук кандуу тамактануусу жана сергек жашоо мүнөзүнүн туруктуу негиздерин калыптандыруу маселелери өлкөнү узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу, мектепте сапаттуу тамактанууну камсыз кылуу мамлекеттин социалдык милдеттенмеси гана эмес, өлкөнүн келечегине багытталган инвестиция катары да каралат. Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды. Министрлер кабинетинин башчысы ведомствонун алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.Бишкек шаарынан Чуңкурчакка чейин айылдарды кыйгап өткөн жол салынарын транспорт министри Талантбек Солтобаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.Анын айтымында, учурда жаңы трассанын долбоору даярдалып жатат. Жол төрт тилкелүү болуп, калктуу конуштарды айланып өтөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жер маселесин чечип, Бишкектин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экени белгиленди. "Жол Бишкекти жогорку аймак менен байланыштырат. Узундугу 9 же 11 чакырым болот. Бардык маселелер чечилгенден кийин курулуш иштерин баштайбыз", — деди министр.ЖККУ Армениянын уюмга төлөбөй келген мүчөлүк акысы боюнча маселени кароого даяр. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, ЖККУ Уставдын милдетин аткарбаган мүчө мамлекетке карата аракеттерди жөнгө сала турган беренелерди карап чыкмакчы. ЖККУ Уставынын 25-беренесине ылайык, эгер мүчө мамлекет эки жыл бою карызынан кутула албаса, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши өлкөнү квоталык кызматтарга талапкер көрсөтүү укугунан ажыратып кое алат. Карызынан толук кутулмайынча добуш берүү укугу да токтотулат.Мындан тышкары, Уставда өлкөнүн уюмдун органдарындагы ишмердүүлүгүн токтотуу, талаптар мындан ары да аткарылбай турган болсо бирикмеден чыгаруу каралган. Чечим маселеси каралып жаткан мамлекеттин катышуусуз кабыл алынышы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101818401_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c209b7d0279d24391aedb469d9999e45.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио