Жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде кинорежиссёр Төлөмүш Океев 1971-жылы "Отко таазим" аттуу тасма тартып баштайт. Анда аялдардын арасында алгачкылардан болуп айылдык кеңештин төрайымы, кийин колхоз башчысы болуп иштеген Уркуя Салиеванын өмүрү, басып өткөн жолу, адамдык сапаттары көрсөтүлгөн. Ага чейин Океев жазуучу Касымаалы Баялиновдун "Ажар" повести боюнча 1916-жылдагы окуяларга кайрылып фильм жаратууга аракет кылган. Бирок жогору жактагылар демилгени колдогон эмес. Ошондон улам СССРдин эл артисти "Отко таазимге" бел байлап, архивдик документтерди изилдеп, мезгилдүү басылмаларда жарыяланган маалыматтарды чогулткан.
Андан сырткары, кинофильмде роль аткарган актёрлордун өңү-түсүн, келбетин ошол жылдарга окшоштуруш үчүн режиссёр артисттерди күн сайын төрт-беш саат ачык талаада отургузган. Түштөн кийин гана суусап, бозала болгон актёрлорду оператор Кадыржан Кадыралиев камерасына тарткан. Ушундай оор шартта жаралган эмгекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын боюнан да түшүп калган экен.
Көзү тирүү кезинде улуу актриса Sputnik агенттигине маек куруп, өмүрүндөгү ушул ирмемди төмөнкүчө айтып берген:
...Кинону бүтүрүш керек деп тасмада араба менен көчүп жаткан эпизодду тартууга туура келди. Түк алым жок, машина менен алып барып, анан ошол жерден арабага отургузушту. Аны эч унутпайм. Муну жаш кезимдеги акылсыздыгым деп билем. Ойлосом жаман болуп кетем. Акыл калчаш керектиги анда кайдан ойго келиптир", — деген Сейдакматова.
Ал эми башкы каарман Уркуянын ролун аткаргысы келген актрисалар Фрунзедеги театрлардан, башка советтик республикалардын чыгармачыл жамааттарынан бери келген. Океев көпчүлүгүн жактырбай, соңунда Таттыбүбү Турсунбаевага токтогон.
"Отко таазим" 1972-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, режиссёр Төлөмүш Океевге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.