https://sputnik.kg/20260611/1101827547.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекке караган Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттан 49 жаштагы киши кулап каза болду. Маалыматты Тез жардам борбору тастыктады. Окуя 10-июнда кечки саат... 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T13:00+0600
2026-06-11T13:00+0600
2026-06-11T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101827381_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_52d01a26175b0496d62d9f749096ee29.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекке караган Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттан 49 жаштагы киши кулап каза болду. Маалыматты Тез жардам борбору тастыктады. Окуя 10-июнда кечки саат 20:39дар чамасында болгон. Дарыгерлер чакыруу боюнча барган учурда жабырлануучу каза болуп калган. Курулуп жаткан имарат Алапаев көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан. Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.
“Манас” аэропортунда интернет үзгүлтүккө учурап, 7 рейс кармалды Аэропорттун маалыматына ылайык, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Дубай, Анкара, Стамбул, Анталия жана Ош багытындагы каттамдар кечиккен. Саат 02:50гө карата негизги системалардын иши калыбына келтирилип, жүргүнчүлөрдү каттоо кайра жанданган.
Бишкекте “Манас” университетинин аймагынан жол өткөрүү үчүн окуу жайдын тосмосу техника менен алынууда. Ал эми университеттин өкүлү маселе эки мамлекеттин ТИМинин катышуусу менен чечилиши керек экенин билдирди. Окуу жайдын жетекчилиги жол курууга макулдугун бере элек. "Мэриянын өкүлдөрү эч кандай уруксат кагазы жок жана эскертүүсүз келип окуу жайдын тосмосун бузуп жатышат”, — деди ал.
Болгариянын Украинага курал жеткирүүнү токтотуу туурасындагы чечими Киев үчүн олуттуу сокку болот. Бул туурасында Forsal басылмасы жазды. "Болгариянын курал өнөр жайы мурда украин армиясын ок-дары менен камсыздап турган ишенимдүү таяныч болгонун эске алсак, сөз болуп жаткан чечим ойлондура турган олуттуу сокку болуп калмакчы. Саясий кесепети да болот", — деп айтылат материалда. Шаршемби күнү Болгариянын коргоо министри Димитар Стоянов республиканын жаңы бийлиги украин армиясына мындан ары аскердик жардам жөнөтпөй турганын эске салган. Болгария — НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен Украинада колдонулуп жаткан эскирген советтик курал-жарактар үчүн ок-дары чыгара алган жалгыз мамлекет. Ушундан улам да Софиянын милдети арткан. 2022-жылдан бери алар Киевге аскердик жардамдын 13 пакетин берип, бирок анын ичинде эмне бар экендиги жашыруун бойдон калды.
Украина бийлигинин Киевдин пайдасына чечүүчү бурулуш учур башталды деген бардык билдирүүлөрү — жөө жомок. Бул туурасында Украинанын тышкы иштер министринин мурдагы башчысы Дмитрий Кулеба айтканын РИА Новости жазды. "Согушта бурулуш учурлар башталды, Украина бардыгын өзгөрттү, эми кезек Кремлге жетет" деген сөздөрдүн бардыгы болбогон кеп", — деген ал Radio NV радиосуна интервью берип жатып. Экс-министр өлкө энергетикалык жана аскердик-экономикалык кыйынчылыкта тургандыгын, кырдаалдын оңолушуна Зеленскийдин оптимисттик билдирүүлөрү деле жардам бере албастыгын айтты. "Кишинин маанайын бузгандардын бирине айланбайын, бирок ноябрда кайра эле кыштан кантип аман-эсен чыгабыз деп баш оорута баштайбыз", — деп эскертти Кулеба. Шаршемби күнү Зеленский жакынкы айлар украин чатагында чечүүчү мезгил болорун жар салган эле. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Зеленский Россия менен кепке келүүнү чечмейин, атайын операция улана берерин айткан. Ал Москва убактылуу сөз бекитүүнү эмес, туруктуу абалды, тынчтыкты каалай турганын белгилеген.
Бишкекке караган Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттан 49 жаштагы киши кулап каза болду. Маалыматты Тез жардам борбору тастыктады. Окуя 10-июнда кечки саат 20:39дар чамасында болгон. Дарыгерлер чакыруу боюнча барган учурда жабырлануучу каза болуп калган. Курулуп жаткан имарат Алапаев көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан. Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.“Манас” аэропортунда интернет үзгүлтүккө учурап, 7 рейс кармалды Аэропорттун маалыматына ылайык, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Дубай, Анкара, Стамбул, Анталия жана Ош багытындагы каттамдар кечиккен. Саат 02:50гө карата негизги системалардын иши калыбына келтирилип, жүргүнчүлөрдү каттоо кайра жанданган. Бишкекте “Манас” университетинин аймагынан жол өткөрүү үчүн окуу жайдын тосмосу техника менен алынууда. Ал эми университеттин өкүлү маселе эки мамлекеттин ТИМинин катышуусу менен чечилиши керек экенин билдирди. Окуу жайдын жетекчилиги жол курууга макулдугун бере элек. "Мэриянын өкүлдөрү эч кандай уруксат кагазы жок жана эскертүүсүз келип окуу жайдын тосмосун бузуп жатышат”, — деди ал.Болгариянын Украинага курал жеткирүүнү токтотуу туурасындагы чечими Киев үчүн олуттуу сокку болот. Бул туурасында Forsal басылмасы жазды. "Болгариянын курал өнөр жайы мурда украин армиясын ок-дары менен камсыздап турган ишенимдүү таяныч болгонун эске алсак, сөз болуп жаткан чечим ойлондура турган олуттуу сокку болуп калмакчы. Саясий кесепети да болот", — деп айтылат материалда. Шаршемби күнү Болгариянын коргоо министри Димитар Стоянов республиканын жаңы бийлиги украин армиясына мындан ары аскердик жардам жөнөтпөй турганын эске салган. Болгария — НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен Украинада колдонулуп жаткан эскирген советтик курал-жарактар үчүн ок-дары чыгара алган жалгыз мамлекет. Ушундан улам да Софиянын милдети арткан. 2022-жылдан бери алар Киевге аскердик жардамдын 13 пакетин берип, бирок анын ичинде эмне бар экендиги жашыруун бойдон калды. Украина бийлигинин Киевдин пайдасына чечүүчү бурулуш учур башталды деген бардык билдирүүлөрү — жөө жомок. Бул туурасында Украинанын тышкы иштер министринин мурдагы башчысы Дмитрий Кулеба айтканын РИА Новости жазды. "Согушта бурулуш учурлар башталды, Украина бардыгын өзгөрттү, эми кезек Кремлге жетет" деген сөздөрдүн бардыгы болбогон кеп", — деген ал Radio NV радиосуна интервью берип жатып. Экс-министр өлкө энергетикалык жана аскердик-экономикалык кыйынчылыкта тургандыгын, кырдаалдын оңолушуна Зеленскийдин оптимисттик билдирүүлөрү деле жардам бере албастыгын айтты. "Кишинин маанайын бузгандардын бирине айланбайын, бирок ноябрда кайра эле кыштан кантип аман-эсен чыгабыз деп баш оорута баштайбыз", — деп эскертти Кулеба. Шаршемби күнү Зеленский жакынкы айлар украин чатагында чечүүчү мезгил болорун жар салган эле. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Зеленский Россия менен кепке келүүнү чечмейин, атайын операция улана берерин айткан. Ал Москва убактылуу сөз бекитүүнү эмес, туруктуу абалды, тынчтыкты каалай турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101827381_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cde28c3fddd8802cc744e069b633f66e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио