https://sputnik.kg/20260610/1101809333.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарында экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана белгилүү мамлекеттик ишмер Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.Маркумду... 10.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-10T13:00+0600
2026-06-10T13:00+0600
2026-06-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101809167_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_755bb136fd0ddfc418d5cb10ce2d0c13.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарында экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана белгилүү мамлекеттик ишмер Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи аскердик оркестрдин жана Ардак кароолдун коштоосунда өтүп, ага анын жакындары, туугандары, достору, замандаштары, белгилүү саясатчылар, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келишти.Коштошуу митингинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сүйлөп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле ал өлкө башчысынын атынан колдоо сөздөрүн жеткирди.Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Мыктыбек Абдылдаев өлкөнүн бардык президенттери менен иштешкенин белгилеп, анын эл эсинде калыс адам катары каларын белгилеген.Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.Мыктыбек Абдылдаев юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана милициянын генерал-лейтенанты болгон.Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.
Былтыр финансылык тартипти бузган 171 аткаминер жазаланып, 14 кызматкер ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик органдардагы ар кандай бузуулар, анын ичинен 1 032 жол-жоболук мүнөздөгү бузуулар аныкталган. “Кемчиликтерди тез арада четтетүү үчүн аудит объектилерине 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн. Буйруктардын аткарылышы ведомствонун өзгөчө көзөмөлүнө алынган”, - деди ал. Ошондой эле Алмазбек Акматов белгилегендей, коррупцияга каршы күрөштү жана ички тартипти чыңдоону Эсептөө палатасы өз ичинен да баштаган. Өткөн жылы ведомствонун 3 мамлекеттик кызматкерине эскертүү, 30 кызматкерине сөгүш берилсе, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2 мамлекеттик инспектор ээлеген кызматынан бошотулган.
Кыргызстан кийинки жылы Европага түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы кабарлады. Маалыматка караганда, азыр Милан, Берлин, Брюссель, Париж жана Лондон шаарлары каралып жатат. “Бул үчүн узак жолго чыга турган Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алабыз. Алар өлкөгө 2027-жылдын мартында алып келинет. Учактарды сатып алуу боюнча келишим макулдашылды”, — деди ААК. Эске салсак, Кыргызстан авиакоопсуздук боюнча ЕБдин кара тизмесинен чыгарылган.
Бишкектеги автобустардын айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди. Ал апрель айынан тарта айдоочулардын эмгек акысы жогорулаганын эске салды. “Жакшы иштеген айдоочуларыбыз 100 миң сом, ал эми айрымдарыныкы 170 миң сомго чейин жетет. Биз жакшы шарттарды түзүп, Москва жана Алматы шаарларындагыдай заманбап автопарктарды курдук. Ошондой эле 1-июлдан баштап айдоочулар нааразы болуп келген план толтуруу системасы толугу менен жокко чыгарылат. Учурдан пайдаланып, D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандарды бизге жумушка чакырам”, — деди ал “Ала-Тоо” телеканалынын түз эфиринде.
Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарында экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана белгилүү мамлекеттик ишмер Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи аскердик оркестрдин жана Ардак кароолдун коштоосунда өтүп, ага анын жакындары, туугандары, достору, замандаштары, белгилүү саясатчылар, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келишти.Коштошуу митингинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сүйлөп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле ал өлкө башчысынын атынан колдоо сөздөрүн жеткирди.Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Мыктыбек Абдылдаев өлкөнүн бардык президенттери менен иштешкенин белгилеп, анын эл эсинде калыс адам катары каларын белгилеген.Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.Мыктыбек Абдылдаев юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана милициянын генерал-лейтенанты болгон.Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.Былтыр финансылык тартипти бузган 171 аткаминер жазаланып, 14 кызматкер ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик органдардагы ар кандай бузуулар, анын ичинен 1 032 жол-жоболук мүнөздөгү бузуулар аныкталган. “Кемчиликтерди тез арада четтетүү үчүн аудит объектилерине 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн. Буйруктардын аткарылышы ведомствонун өзгөчө көзөмөлүнө алынган”, - деди ал. Ошондой эле Алмазбек Акматов белгилегендей, коррупцияга каршы күрөштү жана ички тартипти чыңдоону Эсептөө палатасы өз ичинен да баштаган. Өткөн жылы ведомствонун 3 мамлекеттик кызматкерине эскертүү, 30 кызматкерине сөгүш берилсе, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2 мамлекеттик инспектор ээлеген кызматынан бошотулган.Кыргызстан кийинки жылы Европага түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы кабарлады. Маалыматка караганда, азыр Милан, Берлин, Брюссель, Париж жана Лондон шаарлары каралып жатат. “Бул үчүн узак жолго чыга турган Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алабыз. Алар өлкөгө 2027-жылдын мартында алып келинет. Учактарды сатып алуу боюнча келишим макулдашылды”, — деди ААК. Эске салсак, Кыргызстан авиакоопсуздук боюнча ЕБдин кара тизмесинен чыгарылган.Бишкектеги автобустардын айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди. Ал апрель айынан тарта айдоочулардын эмгек акысы жогорулаганын эске салды. “Жакшы иштеген айдоочуларыбыз 100 миң сом, ал эми айрымдарыныкы 170 миң сомго чейин жетет. Биз жакшы шарттарды түзүп, Москва жана Алматы шаарларындагыдай заманбап автопарктарды курдук. Ошондой эле 1-июлдан баштап айдоочулар нааразы болуп келген план толтуруу системасы толугу менен жокко чыгарылат. Учурдан пайдаланып, D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандарды бизге жумушка чакырам”, — деди ал “Ала-Тоо” телеканалынын түз эфиринде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101809167_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8a481c6f03c2eb77f86f459075b1b543.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио