https://sputnik.kg/20260610/1101815788.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жолдо ызы-чуу салып, мушташ чыгаргандар айыпка жыгылып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Депутаттардын тобу демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку... 10.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-10T17:00+0600
2026-06-10T17:00+0600
2026-06-10T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101815622_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f64f166ed1e661f3ba73d619df7a822b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жолдо ызы-чуу салып, мушташ чыгаргандар айыпка жыгылып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Депутаттардын тобу демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Документке ылайык, айдоочу же жүргүнчү башка унаанын жолун тосуп, кыймылга тоскоолдук жаратып, териштирүү үчүн унаадан түшсө, "агрессивдүү жүрүм-турум" катары бааланат. Бул үчүн 10 миң сом айып пул каралууда. Эгер жаран бир жыл ичинде ушундай эреже бузса, айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга чейин ажыратылмакчы.
ЕАЭБ өлкөлөрү аралыктан медициналык жардам көрсөткөн жабдууларды биргелешип өндүрүүнү пландоодо. ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын айтымында, документ дарыгердин бейтапты онлайн кароосуна, кеңеш берүүсүнө жана медициналык маалыматтарды аралыктан алмашууга, заманбап жабдууларды чыгарууга багытталган. Муну менен бирге маалыматтык технологиялар, электроника жана робототехника тармагындагы кызматташтык өнүктүрүлөрү белгиленди.
Бишкек шаарында жол кырсыктары 66%га азайды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 546 жол кырсыгы катталып, 34 адам каза болгон. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилинде 1622 жол кырсыгы катталып, 35 адамдын өмүрү кыйылган. Быйыл бул көрсөткүч салыштырмалуу 66%га же 1076 учурга азайган. “Айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, жол белгилерине көңүл бурууга чакырам. Жөө жүргүнчүлөр да жолдон өтүүдө эки жакты кылдат карап, этият болушу зарыл”, — деди ал. Орун басар белгилегендей, жол кырсыктарын азайтуу максатында күндүзгү жана түнкү рейддер үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектептерге бекитилген тескөөчүлөр окуучуларга жол коопсуздугу боюнча сабак өтүшүүдө. Мындан тышкары, өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео көзөмөл системалары иштеп, жол эрежелерин бузган учурлар автоматтык түрдө катталууда. 1-июндан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга айып пул салуу чаралары да күчөтүлдү.
ЕБ дипломатиясынын башчысы Кая Каллас европалык институттар Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катыша турган атайын жумушчу топ түзүшү керек деген пикирде. Бул тууралуу РИА Новости жазды. RTE телеканалына маек куруп жатып Каллас сүйлөшүү процесси командалык жумушту талап кыларын, Евробиримдик өз адистеринен турган топ түптөй алмактыгын белгилеген. Анын айтымында, топтун курамына Россияны беш колундай билген серепчилер кириши керек. "Оң көз караштагысы да, терс мамиледегиси да болушу зарыл, эң башкысы, алар биздин кызыкчылыкты коргошу кажет", — деди дипломат. Ошол эле учурда Каллас сүйлөшүүлөр башталганга чейин Европа коопсуздук маселеси боюнча орток позициясын иштеп чыгышы керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Европадан Герхард Шредер ылайыктуу болмоктугун билдирген. Деген менен өлкө башчысы өкүл тандоо укугу европалыктарда экенин айтып, ортого түшчү киши ишенимдүү, Россиянын дарегине катуу сөз айтпаган адам болушу керектигин белгилеген. Муну менен бирге Путин сүйлөшүүлөрдөн Москва эмес, Европа баш тартып келгенин эске салган.
Жолдо ызы-чуу салып, мушташ чыгаргандар айыпка жыгылып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Депутаттардын тобу демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Документке ылайык, айдоочу же жүргүнчү башка унаанын жолун тосуп, кыймылга тоскоолдук жаратып, териштирүү үчүн унаадан түшсө, "агрессивдүү жүрүм-турум" катары бааланат. Бул үчүн 10 миң сом айып пул каралууда. Эгер жаран бир жыл ичинде ушундай эреже бузса, айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга чейин ажыратылмакчы.ЕАЭБ өлкөлөрү аралыктан медициналык жардам көрсөткөн жабдууларды биргелешип өндүрүүнү пландоодо. ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын айтымында, документ дарыгердин бейтапты онлайн кароосуна, кеңеш берүүсүнө жана медициналык маалыматтарды аралыктан алмашууга, заманбап жабдууларды чыгарууга багытталган. Муну менен бирге маалыматтык технологиялар, электроника жана робототехника тармагындагы кызматташтык өнүктүрүлөрү белгиленди.Бишкек шаарында жол кырсыктары 66%га азайды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 546 жол кырсыгы катталып, 34 адам каза болгон. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилинде 1622 жол кырсыгы катталып, 35 адамдын өмүрү кыйылган. Быйыл бул көрсөткүч салыштырмалуу 66%га же 1076 учурга азайган. “Айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, жол белгилерине көңүл бурууга чакырам. Жөө жүргүнчүлөр да жолдон өтүүдө эки жакты кылдат карап, этият болушу зарыл”, — деди ал. Орун басар белгилегендей, жол кырсыктарын азайтуу максатында күндүзгү жана түнкү рейддер үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектептерге бекитилген тескөөчүлөр окуучуларга жол коопсуздугу боюнча сабак өтүшүүдө. Мындан тышкары, өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео көзөмөл системалары иштеп, жол эрежелерин бузган учурлар автоматтык түрдө катталууда. 1-июндан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга айып пул салуу чаралары да күчөтүлдү.ЕБ дипломатиясынын башчысы Кая Каллас европалык институттар Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катыша турган атайын жумушчу топ түзүшү керек деген пикирде. Бул тууралуу РИА Новости жазды. RTE телеканалына маек куруп жатып Каллас сүйлөшүү процесси командалык жумушту талап кыларын, Евробиримдик өз адистеринен турган топ түптөй алмактыгын белгилеген. Анын айтымында, топтун курамына Россияны беш колундай билген серепчилер кириши керек. "Оң көз караштагысы да, терс мамиледегиси да болушу зарыл, эң башкысы, алар биздин кызыкчылыкты коргошу кажет", — деди дипломат. Ошол эле учурда Каллас сүйлөшүүлөр башталганга чейин Европа коопсуздук маселеси боюнча орток позициясын иштеп чыгышы керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Европадан Герхард Шредер ылайыктуу болмоктугун билдирген. Деген менен өлкө башчысы өкүл тандоо укугу европалыктарда экенин айтып, ортого түшчү киши ишенимдүү, Россиянын дарегине катуу сөз айтпаган адам болушу керектигин белгилеген. Муну менен бирге Путин сүйлөшүүлөрдөн Москва эмес, Европа баш тартып келгенин эске салган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0a/1101815622_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_246672ce59752ddebf7a9e6a1c29bfb0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио