12:32 22 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.8000
  • EUR95.7440
  • RUB1.0489
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1420 0 0

"Sputnik Кыргызстандын алтын фонду" рубрикасынын алкагындагы туңгуч маекти окурмандарга тартуулайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз — КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова.

80 жаш бир кылымга тете курак, бул мезгилдин ысык-суугу, кубаныч-кайгысы, өкүнүч-үмүтү, кеп-кеңеши да арбын. Актриса соболдорубузга бирде жылмайып, бирде муңайып, кээде күйүп-бышып, дагы бир учурда ойго батып жооп берди.

— Биздин маектешүүбүзгө убакыт эми жетти окшойт. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Азыр уулум Мурат Шалтаев, келиним Асел Чоткараева менен чыгармачылыкта трио болуп, театр иштетип, педагогдук кылып, жаш муундарды актерлук өнөргө тарбиялап, спектаклдерди коюп жатабыз. Кээде аймактарга спектакль менен чыгабыз. Жакында эле Баткенге барып келдик. Пландаган иштерим көп, аларды акырындап, чекесинен ишке ашырып келе жатам. Ордунан жылбай тургандары бар дар.

Азыркы эмгегибизди айта кетсем, 13 кыз-улан ойногон "Напси" аттуу спектакль даярдап, алып чыгып жатабыз. Анын ичинде менин да ролум бар. Мурат менен Асел режиссер, хореограф Чолпон Мамбетова болду. Өзгөчө, жаңычыл эмгек.

Актриса театра и кино, народная артистка КР Джамал Сейдакматова
© Sputnik / Нургуль Максутова
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова

— Сизди бирде театрдан, бирде иш-чаралардан, бирде өзүңүз айткандай Баткенден көрүп калып жатабыз. Айтор, тыным алганга убакыт жок. Сейдакматованы тынч отургузбай, чуркатып, иштетип, түрткү берип турган эмне күч?

— Атайылап өзүмдү деле бурабайм. Кетип бара жатсам, ойлор келе берет. Бир эле мезгилде эл аралык уюмдар менен кызматташкан бир нече 3-4 долбоор менен иштеп калабыз. Тарбиялануучуларымды, жаштарды актердук өнөргө, пластикага үйрөтөм. Ошолорго пайдалуу бир нерсени окутуп кетсем дейм, билгендеримди үйрөтсөм деген максатта жүрөм. Миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып, театрымды жакшы абалга жеткирейин, өтүп кетсем аркамда жолумду жолдогон окуучуларым болсун дейм.

Уул-келинимден чыгармачылыкта кээде көп нерсени үйрөнөм, багыт алам. Мендеги тажрыйба, булардагы билим менен жаштык дем аралашып, бир нерселер чыгып жаткандай.

— "Туңгуч" менчик театрын жумшоого батыл киришип, бул жаатта алгачкы карылгач болдуңуз. Азыр театр иштеп жатабы?

— Кыргыз театр айдыңында биринчилерден болуп, 1990-жылы өзүм тобокелге салып түзгөн "Туңгучтун" көчүн улап, улам бир жаңы багыт таап иштетип келем. Азыр ойлоп көрсөм, ошондо менин театрым менен бир топ актер, актрисалардын гүлдөгөн доору болуптур да. Канча таланттар ачылды, чыгармалар жаралды, кыргызстандыктардын жан дүйнөсүнө руханий азык тартууладык. Чет өлкөлөргө жамаатыбыз менен бир нече ирет чыктык. Көп жерлерди көрдүк, тааныдык.

— Азыр сиз менен спорт аянтчасында жүрөбүз. Биз көрүп турган, жасап жаткан көнүгүүлөрүңүз бир топ эле ийилип-чоюлууну талап кылат экен...

— Төрөлгөндө эле ошондой болсом керек, кыймылды жакшы көрөм. Ден соолукка көз салдым. Тамакты ченеп, тандап ичтим. Толуп кеткенге өзүмө мүмкүнчүлүк берген жокмун. Жаш келип калганда буттар оор тартып, бат чарчап, алың кете баштайт экен. Анан ага жол бербейин деп күнүгө эртең менен чалым (өмүрлүк жолдошу Садырбек Назаров — ред. ) экөөбүз бир сааттай жеңил чуркап, кайра басып, тартынып, чоюлуп жүрөбүз. Өзүңдү кадимкидей жакшы сезип каласың. Андан сырткары, кээде жумуштар менен бара турган жериме жөө басып, жетип алам.

— Жаш келип калганда деп жатпайсызбы, учурда 81 жаштасыз. Бул куракка келген кандай экен? Атактуу актриса Фаина Раневскаянын "старость — это просто свинство" дегени бар экен...

— Сексенге даярданыш керек экен, балам. Алсырап, бүкчүңдөп калыптыр дешпесин деп өзүңдү чыкыйган бойдон алып жүргүң келет. Бирок жакшы жери — улгаюу менен кошо акылмандык келерин билдим.

Карылык күрөш болот турбайбы. Мен өзүм деле негизи даяр болчумун. Сабира эженин (Сабира Күмүшалиева — ред.) колунда жашап жүргөндө "Жамал, карылыкка даяр жүрүш керек экен. Атактуу актриса болуп, бийиктикке жеткен адам карылык келгенде өзүн-өзү жоготуп коет тура. Жашоодо андай мисалдар көп" дегени эсимде.

Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова
© Фото / Шалтаев Мурат
"Карылык күрөш болот турбайбы. Бирок жакшы жери — улгаюу менен кошо акылмандык келерин билдим", — дейт Сейдакматова

— Карылыкты адам моюн сунуп, акылы менен кабыл алса жеңил болот го? 80 жаштын да өзүнүн жакшы жактары болсо керек?

— Ооба. Сабырдуулук, чыдамкайлык, кайрат пайда болду. Ой жүгүртүүм өзгөрдү. Ар нерсеге дыкат мамиле кылууну үйрөндүм. Тобо келтиресиң. Кудайга шүгүр, бала-бакырам, неберелерим чуркап турат дейм.

Адам баласынын натурасын көр, жамандыкты көтөрөсүң, ал эми жакшылыкка чыдабайсың. Адам кээде өзгөрүп, көөп кетет. Бирок Кудайыңды таанып, ыйманды ала жүрүш керек тура.

— Ал эми өрт жалын болгон жаштыкты кантип жашап өтүш керек экен?

— Жаштыкты сактай билиш керек экен. Жашыңда ээн-эркин, кең-кесири жүрүп, ойноп-күлүп, ырдап-бийлегенди, эки жакка барганды, дос-жолдош күткөндү жакшы көрөт экенсиң. Анан жакшы көргөн адамың болот, балалуу болосуң, айтор ошентип отуруп, жаштык байкалбай өтүп кетет тура.

Бир окуя эсиме түштү... 1971-жыл. Баткенде "Уркуя" киносуна тартылып жаткан кез, жай, аптап. Күйөөм да жаныма учуп барды. Жакын жердеги көл бар, кош бойлуу болгондо чөкпөйт да экен, түшө бердим... Бир аз күндөн соң толгоо башталды. Бала үшүп, туурасынан келип калыптыр. Жергиликтүү төрөт үйүнө, доктурга алып барышты. Ымыркайдын колу чыгып, өзү чыкпайт. Дарыгерлер 2-3 саат алпурушту. Артисттердин баары ошол жерде айланчыктап жүрүшүптүр. Бир учурда дарыгерлер же энесин же баласын сактап калыш керек деген чечимге келип, анан жолдошум, кыязы, энесин алып калгыла деген го. Ымыркайдын колун кесип туруп, анан сууруп чыгышыптыр. Мага наркоз берилип, эч нерсени сезбептирмин.

...Кинону бүтүрүш керек деп тасмада араба менен көчүп жаткан эпизодду тартууга туура келди. Түк алым жок, машина менен алып барып, анан ошол жерден арабага отургузушту. Аны эч унутпайм.

Бул — жаш кезимдеги акылсыздыгым деп билем. Ойлосом, жаман болуп кетем. Акыл калчаш керектиги анда кайдан ойго келиптир.

— Акыркы кезде өзүңүздөгү, кулк-мүнөздөгү кандай өзгөрүүлөрдү байкап жүрөсүз, негизи улгайган сайын киши өзгөрсө керек, ээ?

— Азыр менде бир чоң сүйүү пайда болду. Аларды көчөдөн көрсөм да ушунчалык жакшы көрүп кетем. Жакын болсо башынан сылап, өөп жиберем. Бул кичине балдарга болгон сүйүү. Эмнеден улам пайда болгонун так айта албайм. Же үйдөгү неберелеримден, эң кенже неберем Сезимден уламбы, түшүнбөйм.

Ал эми жалпысынан карасаң, акыл калчап, ой сермесең, турмуштун өзү трагедия да. Адам көз жумарда жылуу төшөккө жатып алып, "кошкула, мен өлүп бара жатам" деп кетпейт экен. Акыркы сапарга аттанганга көпчүлүгү кыйналып, кыйкырып жатып анан узайт тура. Мен ошолорду ойлойм, анан адамдарга боорум ооруйт.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков во время вручения ордена Манас известной актрисе театра и кино Жамал Сейдакматовой  в Государственной резиденции Ала-Арча. 19 сентября
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекет сыйлыкты — II даражадагы "Манас" орденин тапшырган учуру, 2019-жыл

— Эмнеден коркосуз?

— Оорудан корком, балам. Өзгөчө, кечээ күнкү Болоттун (режиссер Болот Шамшиев — ред.) ооруп, кыйналганын көрүп, жаман коркуп калдым. Албетте, ажал чындап келсе, эч кимдин, дарыгерлердин да алы жетпейт. Эми бул ар бир адамдын башына түшө турган табигый нерсе. Ар бирөөбүз жоготууга учурайбыз. Муну күтүш керек. Андан көрө жанагы массалык өлүм алып келген чоң азаптар болбосун дейли. Суу ташкындап, жер чайпалып, эл ичине дабасыз дарт жайылбасын.

— Жоготуу туурасында айтып жатпайсызбы. Адам баласы кайгыны кантип көтөрөт?

— Жакын адамыңды жоготкондо колуңдан жулдуруп жибергендей болсоң, албетте, ичиң өрттөнөт. Кайтарып келейин десең алың жетпейт. Кылчайып келбейт, бүтөт экен да. Ошону менен кыйкыр, өкүр, жер тыт, эч нерсе кыла албайсың. Адамдын кайгысын топурак суутат деген туура экен. Сени бирок бир нерсе — артында калган тирүү бала-чакасы же бир боорлор эсиңе келтирет. Башкаларды ойлоп, алардын камын көрүп, андан ары жашоо улантуу зарыл экен. Жашаш үчүн баш-аякты жыйып, ыйды токтотуп, андан аркы кадамды таштабаса болбойт. Кайраттуулук — жашоонун өзөгү.

Илгеркилердин өлүмдү, жамандыкты эске ала жүрүү керек деген сөзү абдан туура. Коркуунун кереги жок. Анткен менен адамзат карылыкка да, өлүмгө да даяр турушу керектигин түшүнгөнү жакшы.

Бир мезгилдери картаясың, калчылдап басып калсаң, эмне кылыш керек, ыйлап жатып аласыңбы? Бир күнү ичээр сууң түгөнөт, ага деле баш ийип, кулдугум бар деп моюн сунуп бериш керек экен. Иши кылып, адам баласынын жашоосу бир карасаң, жогоруда айткандай, трагедия.

— Тез таарынасызбы? Биз го сырттан көрүп жүрөбүз, өзүңүздүн баамыңызда мүнөзүңүз кандай?

— Ооба, картайганда кичине таарынчаак болуп баратам. Улгайганда ушинтип калат окшойт. "Мени менен көп сүйлөшпөйт, неберелерим мага чуркап келбейт" деп бултуюп калам. Бирок ал ашып кетсе беш мүнөткө созулат. Негизи тез жазылам. Тереңимде өзүмдү эч кимге жамандык жасаба деп тарбиялайм. Бирөө мага жамандык кааласа "кечирип кой, көкүрөгүңө кек жыйнаба" дейм өзүмө-өзүм. Себеби жаза тээ өйдө жактан болот (сөөмөйү менен асманды көрсөттү — ред.). Бирөөгө жаман айтуу, каргыш кылуу түшүмө кирбейт.

Бала чагымдан китептерди, эпосторду, дүйнөлүк классиканы көп окудум. Жашоодо өйдө-төмөн болдум, өлүмдү көрдүм, бир туугандарымды, ата-энемди жоготтум. Ушулардын бардыгы ички дүйнөмдү ар кыл ойго салып, калыптандырды.

Актриса театра и кино, народная артистка КР Джамал Сейдакматова с дочерьми и внучками
© Sputnik / Нургуль Максутова
Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен. 2019-жыл

— Сиздин мурдагы маектериңизде айткан "алыстагы ак жарыгыңыз" бар. Ал эмне?

— Режиссер Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильминде балдар туннель менен жарыкты көздөй ат менен чабат го. Жашоо өзү да кудум ошондой. Көөдөй караңгы туннелде коркпой, алдыдагы шооланы көздөй чапсаң, жарыкка жетесиң. Эгерде жүрөксүп, саамга эле токтой калсаң, бүттү, жыгыласың! Ошол караңгылыкта кала бересиң. Жакшылыкка абдан ишенем. Эгерде сезе билсек, кубаныч биздин турмушубузда абдан көп да. Үй-бүлөң менен жаркырап отуруп, жакшы тамак жасап, чай куюп, маңдайыңда жаркылдаган балдарың отурса — ал кубаныч. Балаң төрөлүп, бооруңа кыссаң — андан өткөн магдыроо жок. Атаңдын көрү-ү-ү, небере жыттап, аны эркелетип отургандагы кубанычка сөз жетпейт. Биринчи сүйүүң — кубаныч, жакшы адамдар менен жолукканың — кубаныч. Айтор, эгер кааласак, жашообузду кубанычка бөлөгөн ирмемдерди четтен табабыз.

— Достук деген улгайган куракта кантип өлчөнөт экен?

— Бала кезде атам дос кылган курбуларым бар эле, кийин чоң турмуш ар кимибизди ар жакка чачыратты. Андан соң жакын "подругаларды" таптым... Бирок чынымды айтсам, ургаачылардан дос күткөн жокмун, көбүнчө эркектер болду. Дооронбек Садырбаев, Сүймөнкул Чокморов, кийинки кезде Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев менен сырдашып жүрдүм. Соңку муундагылардан Марат Козукеев аттуу режиссер жигит бар эле, өтүп кетти. Драматург жана акын Султан Раев мага дос сыяктуу. Дагы бир драматург Жаныш Кулманбетов менен чыгармачылыгымды талкуулайм. Алардын ою жана бараткан багыты меникине окшош. Менде чыгармачыл достор болду. Турмуштук жактан пайда издеген дос күтпөдүм. Чыгармачылыктын чыйырында уулум Мурат менен келиним Асел мага дос. Ал эми үйдө, турмуш-тиричиликте кызым Ажар мага дос.

— Аял кишилер достукка бекем боло албайбы?

—Билбейм. Аялда майда нерсе арбын болот, өйдө-төмөндү көп айткан учурларды уккам. Капаланып, жүрөгүм ооруп, ызам ичимде калган да, андан көрө алысыраак жүрөйүн деп чечкем.

Снимок из фильма Акбаранын көз жашы режиссера Дооронбека Садырбаева. Народный артист Кыргызской Республики Дуйшенбек Байдоботов и актриса театра и кино Джамал Сейдакматова
© Фото / Александр Федоров
Жамал Сейдакматова "Акбаранын көз жашы" кинофильминдеги Көктурсундун ролунда

— Эми сөздүн нугун башка темага бурсак. Массалык түрдө театрга барбай калдык. Эл агылып келет деп күтүп, бирок көрүүчүлөр азайганда кандай сезимдер болду?

— Театр — жандуу искусство. Театрдын баягы күүлдөгөн алтын доорунан кайтып, баалуулуктар өзгөрүп, заман акчаныкы болуп турган бул учурлар да кетет. Бийликке, мансапка көз арткандар арбын болуп жаткандардын заманы да утурумдук. Искусство, маданият — жоголбой турган түбөлүк байлык. Муну мен эмес, башкалар деле түшүнүп турат. Жашоо — айлампа. Буга кайгырып, капаланып, өңгүрөп ыйлаган менен эч нерсе чыкпайт. Баары оңолот. Бул мен айткан жанагы туннелдин аркы башындагы жарык деген нерсе.

— Искусство, анын ичинен театр, кино тармагындагы мэтрлерди көп эстесеңиз керек?

— Жаш кезимде Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиев, Алиман Жангорозованы кумир тутар элем. Улуу муундарды абдан жакшы көрчүмүн. Сабира Күмүшалиева эже мага көп акыл айтып, кээде урушуп да койчу. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде: "Ии, дагы жылаңбаш бара жатасыңбы, ысыктан киши өлбөйт, сууктан өлүп калат. Өлөйүн деп жатасыңбы, кий башыңа!" — дегенде топумду кие салчумун.

Улуу актриса эжелер акыл кебин көп айтчу. Эсиме түшө берет. Жаш кезде сахнада массовкада туруп кылжыктаган учурда Бакен эже (Кыдыкеева — ред. ) жаман көзү менен бир караганда жерге кирип кете жаздачубуз.

— Сиз менен маек курабыз деп бир нече ирет жолуктук, көп сүйлөштүк. Сиз үчүн табу темалар кайсылар?

— Жеке турмушум туурасында кеп кылгым келбейт. Биринчи күйөөм өтүп кеткен, анан азыркы жолдошума чыктым. Экөө тең жакшы адамдардан болду, мени жакшы көрүштү.

Актриса театра и кино, народная артистка КР Джамал Сейдакматова
© Sputnik / Нургуль Максутова
"Жаштыкты сактай билиш керек экен, болбосо ал байкалбай өтүп кетет тура", — дейт Сейдакматова

— Айып этпесеңиз, дагы бир соболум бар эле. Атактуу, айжаркын актриса Таттыбүбү Турсунбаева жана сиз жөнүндө эл арасында жакшы эмес, бир топ сөздөр айтылып келет. Ал адам менен мамилеңиз, чыгармачыл жолуңардын кесилиши тууралуу суроого жооп алсак?

— Эмнеге айып этем, шек санаган күнөөм болсо бир жөн. Мени Таттыбүбү "Жамайка" деп жакшы көрчү. Жакын подруга эмес болчубуз, бирок бир мезгилде иштедик. Аны абдан баалайм. Сулуу актрисалар бар, ушунча супсулуу, бирок ичи такыр муздак. Мындайча айтканда, ички дарамети жок. Таттыбүнүн касиети — ичи да, сырты да сулуу болчу. Көкүрөгүндө кайнап драмалык актрисанын чоң энергиясы жатар эле. Анын артыкчылыгы ушунда болуп, элдин эсинде бекем сакталып калды. Таттыбүбүнү кыргыздын сулууларынын символу эле эмес, ал актриса катары өтө улуу талант болчу. Маселен, "Ак Мөөр" фильминдеги турган турпаты кандай эле! Эми ал эталонду эч ким оңой менен өзгөртө албайт. Кадимки жашоодо жөнөкөй көрүнүп жүрсө, ал эми сахнага чыкканда чүрөк болуп калчу. Мындайча айтканда, сахнанын ханышасы эле. Эми... тагдыр ошондой экен. Ал эми менин башка ордум бар, балам. Менин ролдорум башка. Аны сопсонун билем.

Таттыбүбү экөөбүздүн мамилебизге келсек. Бул мени сындыргысы келген бирөө Таттыбүбүнү айтып, ошондой сөз таратканы. Мен өз бүлөм, өз талантым, өз жолум менен бара жаткам... Андыктан бул чыгармачылыкта боло берчү сөз. Мындай кептер биринчи чыкканда деле чычалаган жокмун. Андай сөздөрдү тараткандарга Кудайдан жетсин дейм. Башка эмне айтам?

— Сиз менен сүйлөшүп отуруп, "Акбаранын көз жашындагы" жараткан образыңызды – Көк Турсун аялды эстедик...

— Бир ирет телевизордон "Акбаранын көз жашын" көрсөтүп жатыптыр. Кара-а-ап отурдум. Көп өтпөй издештирип, дагы талдап, баам салдым. Анан эмнеге эле бул ролду көптөр мынчалык жактырарын түшүндүм. Көрсө, элдик мүнөздү, эл ичинен чыккан, типтүү аялды ойноптурмун да. Аткарып жатканда бул аялдын образын мен башкача аңдасам, кийин аны көрүп отуруп башка жагынан ачып жатпаймбы.

Кызыгы, мени үйүлүп турган көңдүн үстүнө Базарбай ыргытканын экранга чыкканда көргүм келбей койгон. Кийин ошону кадимкидей кайталап көрдүм. Желкем менен көңгө тийип, чалкамдан кеткен турбаймбы. Оңбогондой эле жыгылыптырмын.

Ошол эпизодду тартыш да өзүнчө кызык болгон (жылмайды).

Алгач ыраматылык Дүйшөн (Байдөбөтов — ред.): "Эже, уялып жатам, кантип сизге кол көтөрөм?" - деп эки күн түшпөй койду. Анан режиссер Дооронбек (Садырбаев — ред.): "Кандай немесиң, сен үчүн эле ушул жерде отура беребизби", - деп кысмакка алды. Мен дагы: "Ай, бала, тартылбайсыңбы, мен да кетет элем", - дедим кошумча болуп. Дүйшөн, кыязы, абдан даярданып, камданды окшойт, съемка башталды. Бир учурда алып туруп ыргытканда тетигиндей барып, көңдүн үстүнө чалкамдан кетиптирмин (күлдү). Ал да өзүнчө бир талант эле.

Актриса театра и кино, народная артистка КР Джамал Сейдакматова
© Sputnik / Нургуль Максутова
Сейдакматова: Адам канааттанбай, токтобой улам бир максаттарын аткарып турушу керек деп ойлойм

— Адам канааттанабы?

— Адам канааттанса, ал жакшы эмес. Адам ар дайым кыймылда болуп турат эмеспи. Ишке ашпай калгандарын аткарганга, жетпей калганына жеткенге аракет кылып жүрүп отурат эмеспи. Адам канааттанбай, токтобой улам бир максаттарын аткарып турушу керек деп ойлойм.

Ар дайым алдыга умтулуп,
Издөөнүн жолунан кетпедим.
Бир далай кырларга чыксам да,
Эң бийик чокуга жетпедим.

Умтулсам, от болуп жагылып,
Кулаймын кум менен агылып.
Жетпесем, жетпесмин, а бирок,
Өтөрмүн чокуну сагынып.

А негизи ойдогудай, телегейиң тегиз болгон жашоо болбойт экен да. Бирок адамзаттын табияты ушундай окшойт, кыялдарыңа умтула бересиң.

— Эмне тилегиңиз бар?

— Кудай ден соолук берсе тың жүрсөм, эл ичинде кадыр-баркымды, сыйымды жоготпосом дейм. Башыма конуп турган дөөлөт кушун учуруп албасам, балдарым, неберелерим бактылуу болсо деп эртең менен туруп, кыбыланы карап, жараткандан тилеп, бата кылам. Султан Раев айтмакчы, "топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө" дейм.

Тема боюнча

Ай талааны жаңырта ыйлаган Сейдакматова. "Акбаранын көз жашындагы" таберик сүрөт
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен...
Белгилер:
өмүр, карылык, театр, искусство, маек, артист, актриса, Жамал Сейдакматова, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ